Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 10-июнда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Талас облусунда +27...+32, Ысык-Көл облусунда +18...+23, Нарын облусунда +22...+27 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +31...+33 градус болуп, өткүн өтөт.