11-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 10:00
721223958_3870495326426971_3642989549288194922_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 11-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Талас облусунда 24…29, Ысык-Көл облусунда 17…22, Нарын облусунда 18…23, Чүй облусунда 27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 28…33 градус болот.

Ал эми абанын температурасы Бишкек шаарында 28…30 градус жетет.