Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 17-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Талас облусунда +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын облусунда +23...+28 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +32...+34 градусту көрсөтөт.