18-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 18 Июнь 2026 10:15
724922527_3875558769253960_358063786678168984_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 18-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+33, Талас облусунда +26...+31, Ош, Жалал-Абад облустарында +29...+34, Баткен облусунда +28...+33, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +22...+27 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +30...+32 градус болушу күтүлөт.