Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 130 млрд сомго жеткирүү пландалууда, - деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкекте Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылыш аземинде.
Анын айтымында, өлкөдө буга чейин жылына 600гө жакын объект курулса, 2025-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 3 миңден ашуун объект курулат, анын 32си медициналык мекемелер.
"Акыркы эки жылда саламаттыкты сактоонун бюджети 22ден 49 млрд сомго чейин өстү. Гемодиализге эле 2025-жылы 2,5 млрд сом бөлүндү, ал 2022-жылы 300 млн сом болгон. 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 130 млрд сомго жеткирүү пландалууда", - деп белгиледи минкаб төрагасы.