Кыргызгидромет кызматы 25-февралдан 3-мартка чейинки аба ырайынын божомолун «Кабар» агенттигине билдирди. Ага ылайык, өлкөнүн аймактарында төмөндөгүдөй аба ырайы күтүлөт:
Чүй облусу
- 25-февралда: Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
- 26-февралда: Түнкүсүн айрым жерлерде, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
- 27-февралда: Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
- 28-февралда: Түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.
- 2-3-мартта: Айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Талас облусу
- 25-февралда: Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
- 26-февралда: Түнкүсүн айрым жерлерде, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
- 27-февралда: Түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар күтүлөт. Күндүз, 28-февралда жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.
- 2-3-мартта: Айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт.
Ош облусу
- 25-февралда: Түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
- 26-февралда: Көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
- 27-февралда: Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаайт.
- 28-февралда жана 1-мартта: Жаан-чачын күтүлбөйт.
- 2-3-мартта: Айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт.
Жалал-Абад облусу
- 25-февралда: Түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү күтүлөт.
- 26-февралда: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
- 27-февралда: Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
- 28-февралда жана 1-мартта: Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
- 2-3-мартта: Айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт.
Баткен облусу
- 25-февралда: Жаан-чачын күтүлбөйт.
- 26-февралда: Көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт.
- 27-февралда: Түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт. Күндүз, 28-февралда жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.
- 2-3-мартта: Айрым жерлерде жаан, кар жаашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусу
- 25-февралда: Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт.
- 26-февралда: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт.
- 27-февралда: Түнкүсүн кар катуу жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаашы мүмкүн.
- 28-февралда: Түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.
- 2-3-мартта: Айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт.
Нарын облусу
- 25-февралда: Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн.
- 26-февралда: Көпчүлүк аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт.
- 27-февралда: Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
- 28-февралда: Түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.
- 2-3-мартта: Айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
4-мартта өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, кар жаашы күтүлсө, 5-мартта тоолуу райондордо гана кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.