9-ноябрь – Киноактёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жарыкка келген күн

Коом Загрузка... 09 Ноябрь 2025 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

ТАМЫР

(Эссе)

СССРдин Эл артисти, сүрөтчү жана киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун бейнесине сүртүмдөр

Атак-даңк да, өлкө гана эмес өзгө элдерден алган наам-сыйлыктар да, Сүймөнкул Чокморов үчүн оору менен алпурушкан акыркы он жыл аралыгында түккө да татыбай калды. Оорукананын астанасын апта ичи үч жолу каттап канын тазалатып, анан жан сыздаткан ооруга бирде туруштук берсе, бирде чыдамы түгөнүп, түтпөй-сыздап, эрдин кырча тиштенди.

* * *

1989-жылдын кеч күзү...

50 жылдык маараке мамлекеттик деңгээлде белгиленип, андан соң ордо калаанын чок ортосундагы ресторандардын биринде сый тамак уюштурулуп калды. Бир оокумда өлкөнү жетектеген Апсамат Масалиев, партиялык кызматкерлер, министрлер, аттуу-баштуу аткаминерлер, сүрөтчүлөр, кино ишмерлери ресторанга батпай, калың эл агылып келе берди.

Аңгыча бир тууган агасы Намырбек:

– Сыртта сени айылдаштарыбыз, айыл аксакалдары, кичинеңден чогуу өскөн тели-теңтуштарың күтүп турат!? – деп калды.

– Олда атаңгөрү, ай! Мен бул жакта чоңдор менен бир аз олтуруп калып, таптакыр аларга көңүл бура албай калган турбаймынбы!? Эми кандай кылабыз? – деди агасына үңүлүп.

– Билбейм? Бир айласын табуу керек!? Кандай кылсак? – деди Намырбек агасы ыңгайсызданып.

– Азыр мен сыртка чыгып аларга жолугайынчы, – деди да тепкичтен ылдый сыртты көздөй кадамдарын арыштап жөнөдү. Караса, чындап эле кичинесинен бирге өскөн курбулары, айылдын аттуу-баштуу аксакалдары ресторанга кире алышпай сыртта турушат. Атаңгөрү, ичинде да орун калбай калганын карачы!? Ичинен өзүн бир жектеп алды да, мындай абалдан чыгуунун жолун издеп, саамга ойлоно түштү. Баардыгы менен кучак жая учурашып болуп, анан бир оокумда күтүүсүз жерден пайда боло калган оюна кайрадан сүйүнүп кетти.

– Мени куттуктап келгениңиздер үчүн чоң рахмат. Ыраазымын! Сиздерден өтүнүч, баарыбыз кенен-кесири олтурганга аракет кылалы. Мен азыр кайра чыгам, – деди да он кадамдай ары турушкан агасы Намырбек менен жеңеси Карачачка жөнөдү.

– Байке, биз уятка калбайлы! Элден чыккан жарабайт! Эл менен чогуу бололу. Эми бир эле айла бар. Бул жакта да орун калбаптыр. Андан көрө, сиз мага жардам кылыңыз. Балдардан эки-үчөөнү алып, тезинен Чоң-Ташка жөнөңүздөр. Мен бир саатка жетпей артыңыздардан барып калам. Айылдагы клуб ичине болобу, айтор кенен баткыдай кылып дасторкон жазып, кой союп, түнү менен олтуралы. Ушуну тез уюштуралы!? – деди агасынан өтүнүп.

Агасы да, жеңеси да, ресторанда кызмат көрсөтүп жүргөн жакын туугандарынан эки-үчөө кошулуп заматта Чоң-Ташты көздөй конок камын көрүшкөнү жөнөштү. Ортодо көп убакыт өткөн жок. Бир-эки саатка жетпей Чоң-Ташка келген Сүймөнкул койлор союлуп, дасторкон жазылып, баардыгы даяр турганын көрүп алып катуу сүйүндү.

– Ой, эмне мынча артыбыздан эрте келдиң? Чоңдор менен олтура берсең болмок... Биз өзүбүзчө олтура турмакпыз. Аларды таштап кетип калбай!? – деди, дасторкон четинде олтурган аксакалдардын бири.

– Эч нерсе эмес, ата! Мага жалаң чоңдор менен олтургандан көрө силер менен, айылдаштарым менен олтурган жүз эсе артык эмеспи!? Кам санабаңыз, азыр кенен-кесири, тигилердин жаттап алган жасалма сөздөрү жок эле өзүбүзчө шаңдуу олтурабыз! – деди.

Баары ыраазы болушту.

– Өмүрлүү бол, айланайын!

– Ден соолукта бол! – деп Сүймөнкулдун апта айланбай айыл ичине каттап, эл менен дайым чогуу жүргөнүн, жөнөкөйлүгүн, айылын кандай аздектээрин билген айылдаштары алкап киришти.

Колуна улам бири чөйчөк кармап, бака-шака, каткырык-күлкү жаңырып, Сүймөнкулга куттук айткандар көбөйдү...

Бир оокумда өзүн жаман сезип, көздөрү караңгылай түшүп барып оңолду. Жан сыздаткан оору жай алдырбай барат. Караса, оң буту жоон сандан ылдый кан.

Оор чымырканып алып, эл арасында олтурган Сүймөнкул эрдин тиштей араңдан зорго олтурган ордунан козголду да, колуна узун кол аарчынын бирин шымынан ылдай кармап, бу конокто олтурушкандардын бирди-жарымы байкап калбаса экен деп атып акырын сыртка чыга жөнөдү. Сыртты көздөй тез жөнөп, ары клубдун артына орнотулган очок тарапка жетти да, жыгач орундукка олтура калып бутун ушалай калды.

– Атаңгөрү, кан тамыр үзүлгөнбү? – деди багалеги ылдый кан шорголоп атканын көрүп бутун бекем кармай...

* * *

Аны ажалдан далай жолу арачалап калган Олег Белорусов эле. 1982-жылдан бери карай денесине канча ирет бычак тийди. Канча ирет оорукананын астанасын аттады. Өзү да кээде канча жолу оорукананын эшигин ачып кирип, канча жолу айлап, жумалап жатканын эсептей албай адашып калат?! Эгер азыр ушу жанымда Олег болгондо гана, аттиң! – деди кызыл ашыгынан аккан канды кантип токтотоорун билбей далбастаган Сүймөнкул. Кан шымынын багалегинен ылдый чууруп агууда. Жер кызыл-жаян боёло баштады. Муну көргөн ары жактагы балдардын бири чуркап жетип келди да, артка кетенчиктей түштү. Жүрөгү түшкөн неме коноктор тарапка чуркайын деди эле:

– Токто! Элдин тынчын алба! Тезинен Карачач жеңемди чакыр! – деди үнүн өктөм чыгара. Муну түшүнгөн өспүрүм бала жеңесин чакырганы чуркап жөнөдү. Заматта жетип келген Карачач:

– И-ий, кокуй күн! Эмне болуп кетти? – деп ыйлап жиберди.

– Токтот, ыйыңды жеңе! Мени өйдө тургузуп койгулачы, балдар! – деди тегеректеп турушкан эки-үч жигитке. Эки колунан жөлөштү да, акырын өйдө тургузушту.

– Тезинен машинеме алпаргыла! Ачкыч! Ачкычты алчы, чөнтөктөн. Биз, азыр, азыр ооруканага барып эле тез кайтабыз... – деди ооруга чыдабай жүзүн бырыштыра.

Унаасына эптеп жетип, рулга олтурду да:

– Жеңе, олтурбайсызбы! Олтур алдына! Мени менен ооруканага барып келесиз, – деди.

– Азыр, азыр! Айланайын Кудай! Эми эмне кылабыз? Ыя?

– Балдар, конокторго бириңер да айтчу болбогула! Биз тез эле барып, канды токтотуп, анан кайра кайтабыз, макулбу!? – деди да, ачкычын бурап от алдырган соң “Волганын” рулун кабыштыра кармай, шаарды көздөй зуу койду.

Баятан конок камын көрүп, от жагып, эт бышырып жүрүшкөн балдар да, ары жакта камыр жайып атышкан келиндер да ызы-чуу түшүп барып, анан качан “Волга” көздөн кайым болгондо гана эстерине келгендей оор улутунушту.

* * *

Чоң-Таштан чыккан “Волга” ылдамдыгын күчөтүп, айнектен талаалар, түздөр, тоолор көзгө илешпей артта калууда.

– Эми эмне кылабыз? – деп Сүймөнкулдун кан шорголоп агып атканын көрүп огобетер жүрөгү түшкөн жеңеси улуп-уңшуй.

– Болду, ыйлаба! – деп катуу кыйкырып алганын өзү да байкабай калды Сүймөнкул. Анан үнүн катуу чыгарып ороңдоп алганын заматта сезе койгон неме кечирим сурагандай жеңесине көз жүгүртүп болуп акырын:

– Жеңе, коркпо! Кан токтойт... Андан кабатыр болбоңуз. Азыр шаарга тез кирип барабыз. Андан көрө эмне бар, канды убактылуу токтотконго? – деди.

– Эч нерсе жок, айланайын!? Эмне кылабыз, ыя? – унаа ичинен ылайыктуу чүпүрөк да таппай буйдалган жеңеси дароо башындагы жоолугун чече койду.

– Туура кыласың, жеңе! Азыр алдыгы жоолук менен кан агып аткан жерден өйдөрөөк катуу таңып байла! Тез, жеңе! – деди кайра үнү өктөм чыгара.

– Азыр, айланайын, азыр! Мынакей, – деп жоолукту узунунан жазып, байлаганга киришти.

“Волганын” ичиндеги бут алдына салынган полик канга толгонун көрүп, огобетер көз жашын төктү жеңеси.

– Байла деп атам, жеңе! Эмне ыйлайсың? Мен тирүүмүн го?!

– Азыр, мына! – деп канчалык аракет кылса да бекем таңып байлаганга шайы келбей улам карбаластап атты. Муну көрүп күчү жетпей убара болуп аткан жеңесине:

– Бир учун бекем тарт! А мен, азыр машинени токтотоюн, – деди да, унааны жол четине токтотту.

– Тарт, бекем! Болбосо кан токтобойт, – деди да жоолуктун бир учун тиштери менен бекем тиштеп, бир учун жеңеси бекем кармай тартып атып айтор, катуу таңгандай болушту. Көздөрү караңгылай түштү. Шайы кетип, чекесинен чыккан терди жеңи менен аарчыган Сүймөнкул ойлуу турду да, унаасын от алдырды.

Ордо калаанын ооруканасына жете келген “Волгадан” экөө жетелешип түшүп, нөөмөттөгү врачка кайрылышты. Шымынан ылдый кан болгон актёр жана сүрөтчүнү көрүшкөн кызматкерлер жабалактап калышты. Операция жасалчу бөлмөгө алып кирип, бир сааттан ашык убакытта канды токтотууга жетишти.

* * *

– Азыр мен Москвада болгонумда... – деди үн катпай келе жаткан жеңесине. Жеңесинин көз жаштан улам жүзү дароо шишип чыкканын көрүп.

– Бир Кудай өзү сактады, айланайын! – деди кайнисине үңүлгөндөн айбыккан Карачач ыйдан улам шишип чыккан жүзүн катып.

– Жеңе, жаңы эле болгон окуянын чоо-жайын жан адамга айтпа. Элдин маанайын бузбайлы. Шаңдуу олтурушса, алардын муну билишинин кажети канча?

Карачач ооба дегендей башын ийкеди...

Оң бутунун тизесинен ылдый кан өтсүн деп жасалма тамыр тагылган күндөн бери бир топ жыл өтүптүр. Эмне болуп тамыр үзүлүп кетти экен? Кайрадан бир Москвага ушул жума ичи жөнөп, Олегге жолугуп сураганга туура келет... Ыңгайы келсе, кайра дагы бир баштан операция кечирмей... – деди ичинен.

– Ушул жерден токтотосуңбу? – деди.

Эл олтурган клубга жакын жете бербей “Волгасын” токтотту да, сыртка чыгышып, очок тарапты көздөй жөнөштү. Бул окуянын чоо-жайын бир гана казанда от кайнатып сыртта турушкан айылдаштарынан беш-алты адам, анан жалгыз гана жеңеси Карачач эч кимге айтпай, тойдо олтурушкандардын бири да билбеген бойдон түн бир оокумда шаңдуу тарап кетишти...

* * *

1992-жылдын жайкы саратаны...

Республикалык оорукананын ичиндеги палатанын биринде шыпты тиктеп, сүйлөгөнгө да дарманы жетпей алсыз жатты. Оорудан улам оор онтойт. Анан катуу кыңкыстаган өз үнүнөн кайра өзүн ыңгайсыз сезе калып, болгон күчүн жыйнап чымырканат.

Ары дубалды карады...

Чаржайыт ойлордон чарчады. Бирде туруп атасы Чокмор колуна комуз кармап кыңгыратып эзелки күүлөрдөн черткенсийт. Кулакка аянычтуу добуш жаңырат. Бирде туруп тун уулдарынын экөөсү тең согушка жөнөп кайтпай калса да, ээн олтуруп эч кимге билгизбей мөгдөп ыйлаган апасынын кайратын эстейт. Бирде туруп өзү туулуп өскөн Чоң-Таш көз алдына тартылат...

– Сүкө! – деген үндү кулагы чалбады.

Саамдан кийин кимдир бири оң колун кармай кайрадан:

– Сүкө! – дегенде башын оңго буруп, тааный койду.

Тургун Бердалиев турат... Бир чети коңшу айылдаш иним, бир чети өнөр дүйнөсүндө чогуу жүргөн ынак досум деп ичинен Тургунду өзгөчө сыйлай турган. Ага жан адамга айтпай турган сырларын бөлүшүп, ишенип бир топ иштерди тапшырчу.

– Сүкө, кандайсың? Жакшы элесиңби? – деди, орундукта олтурган Тургун колун акырын алып.

Үндөбөдү... Эрди кеберсип, өңү керсары тарткан Сүймөнкулдун сүйлөөгө дарманы жок. Таңдайы кургап чыкты... Оор онтоп алып, Тургунга тиктеди.

– Сүкө, айланайын! Жакшы болуп кетесиң! – дегенден башка кепти таппады Тургун.

Ортодо кулак-мурун кескендей жымжырттык...

Акырын кыңкыстап ооруга туруштук бере албаган Сүймөнкул саамдан кийин нуру өчүп бараткан каректери менен Тургунга карай:

– Туке, билесиңби, бу өмүрдө ден соолуктан башка эч нерсенин кереги жок экен...

Тургун өзүн кармана албай жашып кетти... Сезди Тургун... Мына ажал ушул эле жерде акмалап тургандай жүрөгү бир болк этип, эң жакын агасынан, эң жакын курбусунан, эң жакын кесиптешинен ажырап калаарын элестетип алып, мөгдөп ийди. Сүймөнкул үн катпады...

– Мен, мен... О-хх! Жаным, ий! – деди көзүнүн кычыктарына толо түшкөн жашты аарчыганга да алы жетпей.

– Сүкө, айланайын Сүкө! Жакшы болосуң! Жаман ойду жакын жолотпочу, айланайын! – деди Тургун шолоктоп.

– Туке, мен баарын түшүндүм... Бу жашоодо ден соолуктан өткөн бакыт жок! Эгер мага Кудай кайра бир өмүр берсе, билесиңби, эмне кылаарымды? Мен кайра... О-х!

– Акырын, Сүкө! Болду сүйлөбө! Сага тынчтык керек... – деди Сүймөнкулдун колун кармай. Денеси от-жалын... Кантип чыдап атат? Кантип ушунча операцияны көтөрдү? Кантип? Кантип кан тамырга жасалган 56 операцияны адам баласы көтөрөт? – деген ой Тургундун бийлеп алды.

– Мен баардыгын көрдүм... – деген үндөн ою үзүлгөн Тургун досуна жалт карады.

– Атак-даңк, наам – баарын алдым. Бирок, баары ден соолук алдында бир тыйын! Эгер... Эгер мага Кудай дагы бир жолу өмүр берсе, атаңгөрү! Чоң-Ташта карапайым дыйкан болуп жаралып, кара жумуш жасап, ден соолугу чың адам болуп бактылуу жашамакмын! – деп барып, алкымына кептелген ачуу жаш жарып чыгып, анан шолоктоп ыйлап кирди. Жаак ылдый жаш салаалап, жаздыкты суулап атты...

– Олда, Кудай ай! Сүкө... – Тургун да токтоно албай Сүймөнкулду колунан бекем кармады. Палата ичин экөөнүн ыйы ээлеп, армандар дайра болуп ташкындап агып кирди...

* * *

Тургун барган күндөн туптуура эки ай өтпөй калың кыргыз көз жашын көлдөтүп, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында баштарын төмөн салып, көз жаштарын көл кылып турушту. Бул күн да, сентябрдын этеги эл арман күү менен сыймыктуу уулу менен кош айтышып, чындап эле нагыз кыргыздын жүзүн тулку-боюна уютуп, жагымдуу жылмаюусу менен нурун чачкан уулубуздан ажырадыкпы деп ишенип-ишене албай жатты...