Ачык кабинет: Транспорт министри долбоорлордун ишке ашышы менен таанышты

Коом Загрузка... 10 Июнь 2026 10:25
WhatsApp_Image_2026_GBtQQRj.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш күнүн "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында баштады.

Министрдин иш күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында ведомствонун артыкчылыктуу иш багыттарынын жана негизги долбоорлорунун бет ачары менен башталды. Бет ачарда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде Бишкек – Кант багыты боюнча долбоорлор, ошондой эле жаңы технологияларды киргизүү демилгелери сунушталды.

Эске салсак, бүгүн министр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында бир катар объекттерди кыдырууда. Бул долбоор ведомствонун ишмердүүлүгү жана долбоорлордун жер-жерлерде ишке ашырылышы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.