Агартуу министри үй-бүлөсү жана айылдагы эс алуусу тууралуу айтты

Коом Загрузка... 04 Июнь 2026 10:50
-----------_2025-05_PseGd2T.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Жогорку мамлекеттик кызмат чоң жоопкерчиликти гана талап кылбастан, эң баалуу нерсени – жакындар менен өткөрө турган убакытты да алат. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигине берген маегинде үй-бүлөсү жана 91 жаштагы кайнатасы менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди.

"Жүрөгүмдү ооруткан, ичтеги бир арманым бар. Кайнатам 91 жашта. Эгер мурда дайыма жанында болуп, карап жүрсөм, азыр жумушка байланыштуу мени тамашалап "онлайн-келин" деп атайт. Күн сайын телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Ал менин ишимдин көптүгүн көрүп, мага жүрөгү ооруйт. Кайнатам бүт үй-бүлөбүзгө: "Анын жүрөгү мунун баарына кантип чыдап жатканын билбейм, ошондуктан үйдөн ага эч кандай маселе жаратпагыла", - деп көп айтат. Биздин куракта үй-бүлөлүк түйшүктөр адатта азаят, балдар чоңоюп, өзүнчө түтүн булатышкан. Кайнатамдын акылмандыгынан улам, учурда биздин үйдө ашыкча тиричилик убаракерчилигине катуу тыюу салынган", - дейт ведомство башчысы.

Коомдук макамы министрди дайыма эл көзүндө болууга милдеттендиргени менен, күнүмдүк жашоодо Догдуркүл Кендирбаева тынчтыкты жана жалгыздыкты артык көрөт. Ал шаан-шөкөттүү салтанаттарга жана светтик иш-чараларга таптакыр кайдыгер экенин жашырбайт.

"Мен өзүм ызы-чуулуу көңүл ачууларды жана майрамдарды жактырбайм, тойлорго барбайм. Туугандарым, досторум мага таарынышпайт, анткени андайларга убактым жок экенин баары эң сонун түшүнүшөт", - дейт ал.

Министр үчүн күч-кубатты калыбына келтирүүнүн эң жакшы жана бирден-бир жолу - ата конушуна баруу.

"Мен үчүн эң сонун эс алуу айылга, кайнатамдын үйүнө баруу. Ал жерден мен жумуштан толук арылып, жөн гана бакта сейилдеп, гүлдөрдү карай алам. Ал жер менин эс ала турган жайым", - деп жыйынтыктады министр.

Эскерте кетсек, күн мурун агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бир күн өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөткөн.