Айтматов – руханий устатым – өзбекстандык жазуучу

Маек Загрузка... 15 Декабрь 2025 12:10
WhatsApp Image 2025-12-15 at 12.11.07.jpeg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

12-декабрда дүйнө коомчулугу, анын ичинде Өзбекстан эли да залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 97 жылдыгын тарыхый мааниге ээ күн катары белгиледи. Айтматовдун чыгармалары Борбор Азиянын руханий мейкиндигин бириктирип, элдердин ортосундагы достукту чыңдап келген шедеврлер катары кеңири белгилүү.

Өзбекстанда да улуу жазуучунун терең дүйнөсүн урматтаган интеллигенция көп. Алардын арасында Айтматовду «устатым» деп эсептегендер — өзүнчө бир мектеп. Мына ошондой инсандардын бири — белгилүү өзбекстандык жазуучу жана журналист Улугбек Жумаев. Ал «Кабар» агенттигине берген маегинде Чыңгыз Айтматов менен болгон жеке жолугушуусу, руханий дүйнөсүнүн калыптанышындагы таасири жана чыгармачылык сыры тууралуу кеңири ой бөлүштү.

— Улукбек мырза, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго болгон кызыгууңуз бала чагыңыздан башталган экен. Бул сезимдин түпкү башаты кайдан чыкты?

Туура, баары үйдөн башталган. Менин атам Айтматовду өтө терең сыйлаган адам болчу. Үйдөгү китеп текчесинин эң көрүнүктүү жеринде дайыма анын чыгармалары турчу. Атам кечинде бизге Айтматовдун аңгемелерин, айрыкча уламышка бай баяндарын көркөмдөп окуп берчү. Ал уламыштар көз алдыбызда жанданып, дүйнөбүздү кеңейткен сайын менин ичимде: «Бир күнү ушул улуу адамды көзмө-көз көрсөм» деген тунук кыял жаралган.

— Бул кыял качан ишке ашты?

1990-жылдардын башында Сибирде, Энесай дарыясынын боюнда аскердик кызмат өтөп жаткан кезимде. Бир күнү рота командирим чакырып, Чыңгыз Айтматов ошол аймакка иш сапар менен келерин айтты. «Адабиятты жакшы көрөт экенсиң, таанышып көр» деп кеңеш берди. Кыска жолугушуу болсо да, бул менин тагдырымдагы чоң бурулуш болду.

— Айтматов менен болгон ошол жолугушууну кенен эскерип берсеңиз.

Ал күн менин өмүрүмдө унутулгус. Энесай жээгинде биз тарапка салабат менен келе жаткан залкар жазуучуну көргөндө жүрөгүм дүкүлдөп, көргөн көзүмө ишенбей калдым. Буга чейин мен аны болгону сүрөттөрдөн гана таанып жүргөм. Дароо салам бердим.

Ал колумду бекем, жылуу маанайда кыса кармады. Колунун жылуулугу, бекемдиги, адамдык мээрими дароо сезилди. Аскердик кызматым, үй-бүлөм, кайдан экеним тууралуу кызыга сурады. Самаркандда көп болгонун айтып ,күлүмсүрөдү.

Чыңгыз ага узун бойлуу, тың, өзүнө жарашкан Чех костюму бар, аппак чачы бир тарапка жатык толкуп турган абалда көрүндү. Карашы — терең, токтоо, акылман. Энесай боюндагы отургучка отуруп, узак маек курдук.

Демек, келечекте журналист болом дейсиң, — деди ал бир аз жылмая. Жалпысынан алганда, тагдырыңды байланыштырам деген бул кесип жаман эмес. Менин да өмүрүмдүн көп бөлүгү чыгармачыл сапарларда өттү. Тоо-таштарды, кең талааларды, чөл-дөөлөрдү, дарыя-көлдөрдү, айдоо-дүңдү кыдырып жүрдүм. Жөнөкөй адамдар менен таанышып, эл болуп кеттим…

Чындыгында, достук жана салмак менен айтылган бул сөздөрдөн «эмесе, бул өнөрдөн ажыраба, артынан жүр, адамдарды байка — бул сенин тагдырың» деген бир аалам маанини сезгендей болдум. Мен үчүн бул сөздөр жөн гана кеңеш эмес, бүтүндөй тагдырымды жарык кылган жол көрсөтүүчү шам болду.

— Кесипке болгон кызыгууңуз Айтматовдун таасиринен улам дагы тереңдеп, студент кезиңизде анын чыгармаларындагы жаныбарлар образын өзүнчө изилдегениңизди билебиз. Эмне үчүн дал ушул тема?

Анткени Айтматов жаныбарларды жөнөкөй каарман катары эмес, адамзаттын абийиринин, мээриминин, ички драмасынын символу катары берет. Ташчайнар, Гүлсары, Акбара, Каранар, «Ак кемедеги» бугу эне, «Кыяматтагы» бөрүлөр — булардын ар бири өзүнчө бир дүйнө. Алар аркылуу жазуучу адамдын тагдырын, жоготуусун, үмүтүн жана руханий абалын терең ачат. Андагы каармандардын сүйүүсү менен жек көрүүсү, кайгысы менен кубанычы, согушу менен жарашуусу, жоготкон-тапкандары, жаныбарлардын азабы, табияттын сүрөттөлүшү ушунчалык табигый берилгендиктен, окурман көркөм образдарды эмес, тирүү адамдарды же жаныбарларды көргөндөй болот. Өзүңдү алардын абалына, тагдырына шерик сезесиң.

Мен Айтматовдон сюжет куруу, композиция түзүү, уламыш менен азыркы заманды айкалыштыруу, образдардын галереясын жаратуу сыяктуу чыгармачылык сырларды көп үйрөндүм. Ал чыгармачылыгымдагы мифтик элементтердин, жомок-фольклор ыргагынын негизин түздү.

— Айтматовго арналган бир нече чыгармаларыңыз бар экенин да билебиз…

Ооба, Айтматовго болгон суктануу жыл өткөн сайын күчөп, чыгармачылыгыма жаңы дем берип келди. Мен анын өмүрү, дүйнө таанымы, түрк ааламындагы орду тууралуу: «Энесай эпкиндери», «Кыргыз деңизинде», «Чыңгыз Айтматовдун чынары», «Түркий ааламдын жаркын жылдызы», «Туташ тагдырлар» аттуу чыгармаларды жараттым. Азыр бул эмгектердин бардыгын бирдиктүү жыйнак китеп катары даярдап жатам. Бул менин устатым болгон Айтматовго болгон руханий ыраазычылыгымды билдирет.

— Айтматовдун 97 жылдык мааракеси сиз үчүн кандай мааниге ээ?

Бул күн мен үчүн өзгөчө. Айтматов — руханий мектеп, адамдык адептин ченеми. Анын каармандары сүйүү менен кайгыны, үмүт менен трагедияны, адам менен табияттын тагдырын бир дүйнөдө бириктирет.

Айтматовдун чыгармалары мага аталык кеңеш, адамдык бийиктик берди. Өмүрүмдө бул улуу инсан менен бир нече жолу баарлашып калдым, анын ой-пикирин угуу — мен үчүн баа жеткис бакыт.

Маалымат үчүн: Улугбек Жумаев — 1971-жылы Өзбекстандын Навои облусунун Хатирчи районуна караштуу Келачи айылында туулган. Ташкент мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. «Маарифат», «Кишлак хаёти», «Ишонч», «Халқ сўзи» гезиттеринде, «Өзбекстан айыл чарбачылыгы» журналында иштеген. Учурда «Бобур жана дүйнө» журналынын жооптуу редактору.

«Көгүлтүр асманым», «Бейиштей кооз жерлер», «Хан гүл», «Фламинго», «Илбирстин айбаты» китептеринин автору, Өзбекстандын Жазуучулар союзунун мүчөсү.