Бишкек, 20.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарында жана Баетов – Кош-Дөбө унаа жолунда жааган жаан-чачындын кесепетинен кокту-колоттон түшкөн сел суулары каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам топ тартылган.
"Учурда суунун нугу тартылып, абал турукташты. Тиешелүү кызматтар тарабынан иштер жүргүзүлүүдө. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 28 адам жана 5 техника тартылган", - деп айтылат маалыматта.