Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Алима Нурланова "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Белгилей кетсек, Алима Нурланова буга чейин МКУнун Бишкек филиалынын директору кызматын аркалап келген.
Жаңы кызматка дайындалышы анын тармактагы үзүрлүү эмгеги жана айымдардын квотасына ылайык жүргүзүлдү.