Исламбек Увайдиллаев Жалал-Абад облус башчысынын орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 18 Май 2026 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Исламбек Увайдиллаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Ал бул кызматка министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесинин негизинде дайындалды.

Жаңы дайындалган орун басарды президенттин өкүлү Тилек Текебаев облустук активге жана өкүлчүлүктүн аппарат кызматкерлерине тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда облус башчысы Исламбек Увайдиллаевге алдыдагы жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалап, социалдык тармактагы иштерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө ишеним билдирерин айтты.

Ошондой эле ал калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармактарындагы милдеттер өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын кошумчалады.

Буга чейин бул кызматты Урмат Самаев жетектеп келген.