Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Салкын Сарногоева маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.
Министрликтен билдиришкендей, тиешелүү тескемеге 18-май күнү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин аталган кызматты Марат Тагаев аркалап келген. Ал Кыргызстандын ТЮРКСОЙ уюмундагы өкүлү болуп дайындалганына байланыштуу, кызматтан бошотулган.
Белгилей кетсек, Салкын Сарногоева буга чейин Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Ал 1974-жылдын 29-декабрында туулган. 2015-жылдын февралынан 2019-жылдын июлуна чейин Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары болгон. Ал эми 2019-жылдын 28-июнунда аталган департаменттин директору болуп дайындалган.