Аптаптуу ысыкта күндөн кантип коргонуу керек?

Ден соолук Загрузка... 30 Июнь 2026 11:00
WhatsApp_Image_s3V0IuU.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Узак убакыт күндүн астында жүрүү организмге оор зыян тийгизиши мүмкүн. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жай мезгилиндеги аптаптуу ысыктан коргонуу боюнча дарыгерлердин пайдалуу кеңештерин бөлүштү.

Ысыкта көп жүргөндө адамдын башы айланып, көзү тунарып, денеси тырышып, эсин жоготушу мүмкүн. Мындай учурда дароо медициналык жардам көрсөтүү зарыл, болбосо абал өмүргө коркунуч жаратат.

WhatsApp_Image_hqU5uRW.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Күн нурунан туура коргонуу үчүн төмөнкүлөрдү эсиңизден чыгарбаңыз:

  • кийимди туура тандаңыз: терини дем алдырган, жука жана табигый материалдардан (зыгыр, пахта, жибектен) тигилген кийим кийиңиз;
  • башыңызга сөзсүз түрдө ачык түстөгү жеңил баш кийим кийип жүрүңүз;
  • бет жана башты муздак суу менен жууп туруу же кол чатыр колдонуу пайдалуу;
  • ар дайым муздак суу ичип туруңуз;
  • алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн алыс болуңуз, алар организмди кургатат;
  • саат 11:00дөн 16:00гө чейинки эң ысык убакта түз күн тийген жерде болбоого аракет кылыңыз. Көлөкөдө болууга аракет кылыңыз.