Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай жүрөктүн тубаса кемтиги бар балдарга жогорку технологиялуу кардиохирургиялык жардам көрсөтүүнү колго алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев Пекин шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында Кытайдын Саламаттык сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчи орун басары Чжэн Чже маанилүү макулдашууга кол коюшту.
Макулдашуунун алкагында "Боорукер саякат" долбоору ишке ашырылат. Анда жүрөгүндө тубаса кемтиги бар кыргызстандык балдарга хирургиялык операцияларды жасоо каралган.
Ошондой эле эки өлкөнүн дарыгерлери ортосунда алдыңкы медициналык технологияларды жайылтуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу башталмакчы.
Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Кытайдын алдыңкы Фувай жана Тянь-Тань ооруканаларында болуп, кардиохирургия жана нейрохирургияны өнүктүрүү, медициналык кадрларды даярдоо жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелерин макулдашты.
"Бул гуманитардык демилге өлкөдөгү заманбап кардиохирургиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, калкка көрсөтүлүүчү адистештирилген медициналык жардамдын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.