Ата-энелер эмне үчүн жеке мектептерди тандашууда – эксперт менен маек

Маек Загрузка... 06 Июль 2026 17:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстанда акыркы жылдары жеке менчик мектептерге болгон кызыгуу өсүүдө. Ошол эле учурда мамлекеттик билим берүү мекемелеринин сапатын жогорулатуу багытында мамлекет тарабынан бир катар чаралар көрүлүүдө. Алсак, жаңы мектептер курулуп, билим берүү программалары жаңылануу менен табигый-илимий сабактарга бөлүнгөн сааттар көбөйтүлүп, заманбап окутуу ыкмалары киргизилүүдө. Мамлекеттик жана жеке билим берүүнүн айырмачылыктары, өлкөнүн билим берүү системасында жүрүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков айтып берди.

— Акыркы жылдары Кыргызстанда жеке менчик мектептерге болгон кызыгуунун өсүшүн эмнеге байланыштырса болот?

— Бүгүнкү күндө жеке менчик мектеп ачуу мурдагыга салыштырмалуу бир топ жеңилдеди, анткени мамлекет талаптарды жеңилдетти. Ошондуктан бул багытка кызыккандар көбөйүп, жеке мектептер ачылууда. Мындан тышкары, билим берүүнү негизги артыкчылыктардын бири катары көргөн аң-сезимдүү ата-энелердин саны да өсүүдө. Мүмкүнчүлүгү барлар балдарын жеке мектептерге берүүгө аракет кылышат.

Ошондой эле жеке мектептерде шарттар дээрлик ыңгайлуу экенин моюнга алуу керек. Мисалы, Бишкектеги мамлекеттик мектептерде бир класста 50гө чейин окуучу окуса, жеке мектептерде 20–25тен ашпайт. Бул окуучуларга да, мугалимдерге да ыңгайлуу.

Дагы бир артыкчылык — күн бою окутуу форматы. Айрыкча башталгыч класстарда балдар таңдан кечке чейин мектепте болушуп, сабак окушуп, үй тапшырмаларын аткарып, ошол жерден тамактанышат. Бул иштеген ата-энелер үчүн абдан ыңгайлуу. Көптөгөн жеке мектептер кошумча акыга окуучуларды үйүнө чейин жеткирүү кызматын да уюштурушат.

— Жеке мектептер сапаттуу билим берет деп айтууга болобу? Бул баа эмнеге негизделет?

— Менин оюмча жеке мектептерде шарттар мамлекеттик мектептерге караганда чындап эле жакшырак. Алар тажрыйбалуу, максаттуу жана жаш мугалимдерди тартат, алардын көбү бир нече тилде эркин сүйлөйт. Албетте, мындай шартта билим сапатына өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, жеке мектептерде мугалимдер ар кандай окуу материалдарын колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Маселен, англис тилин окутууда заманбап окуу куралдары пайдаланылат. Класстар кичине болгондуктан жана шарттар жакшы болгондуктан, мугалимдер үчүн иштөө да жеңилирек. Ошондой эле жеке мектептерде жогорку квалификациялуу адистерди тартууга кызыкчылык жогору.

— Мамлекеттик жана жеке мектептердеги билим берүү процессинин негизги айырмачылыктары эмнеде?

— Айрым мамлекеттик мектептерде мугалимдер менен окуучулардын ортосунда абдан жакшы психологиялык атмосфера калыптанган. Бирок, Бишкектеги окуучулардын саны өтө көп болгон мектептерде мындай чөйрөнү сактоо кыйла татаал.

Жеке мектептерде билим берүү процесси көбүнчө ийкемдүү жана жакшы уюштурулган. Окуучулардын саны аз, мугалимдер жетиштүү болуп, ата-энелер мектеп менен тыгыз кызматташкан шартта окутуу гармонияда натыйжалуу жүрөт.

Билим берүү процессинин сапатына жалпы чөйрө, мугалимдер менен окуучулардын мамилеси, ата-энелер менен өз ара аракеттенүү, класстардагы окуучулардын саны, материалдык-техникалык база жана окутуу шарттары чоң таасирин тийгизет. Ушул көрсөткүчтөр боюнча салыштырганда көп учурда жеке мектептерде шарттар жакшырак болуп, ошого жараша билим берүү процесси да натыйжалуурак.

— Мамлекеттик мектептерди атаандаштыкка жөндөмдүү кылуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө? Англис тилин, математиканы окутууну күчөтүү жана ийримдер менен кошумча сабактарды кеңейтүү пландалуудабы?

— Мамлекеттик мектептер атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн бир нече шарттарды аткаруусу зарыл. Бул багытта айрым иштер азыртан эле жүргүзүлүп жатат. Биринчи кезекте мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылууда. Экинчиден, мамлекет, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында, көп санда жаңы мектептерди куруп, класстардагы ашыкча жүктөмдү азайтууга аракет кылууда.

Ошондой эле окутуу усулдарын жакшыртуу боюнча чоң иштер жүрүүдө. Кыргыз билим берүү академиясы билим берүүнүн мазмунун жана окутуу ыкмаларын өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча республикалык институт заман талабына ылайык ар түрдүү форматтагы курстарды уюштурууда. Бул мугалимдерге кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана заманбап окутуу ыкмаларын колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү күндө педагогдор фасилитатордук ыкманы өздөштүрүп жатышат. Бул ыкмада мугалим жөн гана билим бербестен, окуучуларды окуу процессине үндөп, кызыктырат.

Дагы бир маанилүү жагдай — ата-энелердин аң-сезими жогорулап бара жатат. Алар балдардын билим алуусун мектеп менен гана чектебестен, кошумча ийримдерге жаздырышып, балдардын окуусуна өзгөчө көңүл бурушууда. Азыркы балдар билимди мектептен гана эмес, өз алдынча да алып жатышат.

Ошондой эле окуу программаларына өзгөртүүлөр киргизилди: математика, физика, химия жана биология сабактарына бөлүнгөн сааттар көбөйдү.

Мамлекет мектептерди акырындык менен керектүү жабдуулар жана лабораториялар менен камсыздап келет. Бул практикалык сабактарды китеп менен гана чектебестен, түздөн-түз тажрыйба аркылуу билим алууга мүмкүнчүлүк берет.

Англис тилин окутуу боюнча да өзгөрүүлөр кирип, интерактивдүү ыкмага негизделген жаңы окуу китептери чыгарылды. Эгер мурда окутуу көбүнчө материалды жаттоого негизделсе, азыр сүйлөө практикасына жана окуучуларды окуу процессине активдүү тартууга көбүрөк көңүл бурулууда. Мындан тышкары, бул сабак боюнча сааттардын саны да көбөйтүлдү.

— Окуучулардын даярдык деңгээлинде айырмачылыкты тастыктаган объективдүү көрсөткүчтөр барбы?

— Объективдүү көрсөткүч катары Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо упайын кароого болот, ал эми айрым жогорку жыйынтыктар толук көрсөткүч боло албайт.

Мисалы, Кочкор району, Баткен облусу жана Кара-Кулжа районундагы айрым мектептерде ЖРТнын орточо упайы 178–185ке жетүүдө. Бул абдан жогорку көрсөткүч.

Биз ар дайым мугалимдерге айтып келгендей, бир бүтүрүүчүнүн “алтын сертификат” алышы мектептин ишинин негизги көрсөткүчү боло албайт. Анткени, анын ийгилигине көп факторлор таасир этет. Эң маанилүүсү — ЖРТнын орточо упайы, мында бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн даярдык деңгээлин чагылдырат.

Бүгүнкү күндө көптөгөн айыл жергесиндеги мектептер да жакшы жыйынтыктарды көрсөтө баштады. Алар предметтик олимпиадаларда да ийгиликтүү катышып жатышат. Ошол эле учурда ЖРТнын орточо көрсөткүчтөрү тууралуу айтсак, азырынча орус тилдүү мектеп окуучулары орточо эсеп менен кыргыз тилдүү мектептердин окуучуларына караганда жогорку жыйынтык көрсөтүп жатышат. Бул жагдайды да моюнга алуу зарыл.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында салттуу түрдө жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп келген мектептер бар. Алардын катарына №61, №9, №5 жана №69 мектептер кирет. Бул — калыптанып калган салт, бул мектептерде тиешелүү шарттар түзүлгөн, күчтүү мугалимдер иштейт жана окуучуларга жогорку талаптар коюлат.

Ошону менен бирге бүгүнкү күндө аймактардагы көптөгөн мектептер да жогорку көрсөткүчтөргө жетүүгө аракет кылып жатышат. Бирок, мындай деңгээлге жетүү үчүн убакыт талап кылынат.