Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Өзбекстандын Food City соода-логистикалык борборунда Кыргызстандын авторизацияланган соода павильонунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ата мекендик продукцияны коңшу өлкөнүн рыногуна илгерилетүү алкагында уюштурулуп, ачылышына экономика министринин орун басары Медербек Туманов катышты.
Павильондун ачылышына карата уюштурулган жарманкеде "Памир", "Белая Река", "Алайку Органикс", "Медовая Артель", "Органик", "Келечек" компанияларынын жана "Атаман", "Султан", "Кымызстан" соода белгилеринин продукциялары сунушталды.
Өзбекстандык дистрибьюторлор жана дүң сатып алуучулар үчүн продукциялардын даамын татуу иш-чаралары уюштурулуп, товарларды өлкөнүн ар кайсы аймактарына үзгүлтүксүз жеткирүү маселеси талкууланды.
Учурда Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү кыргыз товарларынын ассортиментин көбөйтүү жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.