Баланын онлайн коркунучка кабылганы анын жүрүм-турумунан билинет

Коом Загрузка... 17 Февраль 2026 18:00
6016 (1).avif
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө интернет балдардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жана баарлашуусуна чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен бирге ар кандай коркунучтарга дуушар кылууда. Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн туура колдонбогон учурда пайдасы менен катар зыяны да арбын экендигин адистер дайыма белгилеп келишет. Өспүрүмдөрдү кызыктырган ар кандай интернеттеги оюндар жеке маалыматтарды талап кылуу менен коркунуч жаратып, балдардын аң сезимине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук балдардын интернеттеги коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушу зарыл экендигин Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү Бермет Тилебалдиева “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Балдар үчүн интернет айдыңында кандай коркунучтар бар?

Балдар үчүн интернеттеги эң негизги коркунучтардын бири бул жеке маалыматтарын социалдык тармактарга чыгаруу. Мисалы, өзүнүн дарегин, жеке сүрөттөрүн социалдык тармактарга чыгарууда жаман ойлуу адамдар ал сүрөттөрдү туура эмес багытта колдонуусу мүмкүн. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга чыгарган сүрөттөрүнө терс маанайдагы комментарий, пикирлердин жазылышы психикалык жактан балага терс таасирин тийгизет. Интернет аркылуу бейтааныш адамдар менен таанышуу кооптуу жолугушууларга алып келиши мүмкүн. Балдар мындай интернеттеги коркунучтарга кабылып калбашы үчүн төмөнкүдөй бир катар аракеттерди көрүү зарыл. Биринчиден, балдардын социалдык тармактардагы аккаунттары жабык болушу керек. Экинчиден, сүрөттөрү, дареги сыяктуу жеке маалыматтарын социалдык тармактарга ачык жарыялабашы керек. Ошондой эле сөзсүз түрдө ата-эне баланын интернетти канча убакыт колдоноорун көзөмөлдөп, эмнени көрөрүнө көз салып турушу зарыл. Баланын окуусуна, ден соолугуна терс таасирин тийгизбегендей шартта интернет колдонуу убактысы чектелиши керек.

Мисалы, бала интернет аркылуу коркунучка кабылганын кантип байкоого болот?

Бала интернет талаасында коркунучка кабылдыбы же жокпу билүү үчүн ата-эне, мугалимдер алгач баланын жүрүм-турумун байкашы керек. Жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөр бул тынчсыздануу менен башталат. Бала тынчсызданып, көп ойлонуп, интернетти жашыруун колдонуу менен телефонун башка адамдардан катып калышы мүмкүн. Мындай учурда бала менен ата-энесинин ортосунда сөзсүз түрдө сүйлөшүүлөр болушу шарт. Мында баланы дароо коркутпай, урушпай болгон нерсени ачык айтып берүүгө мүмкүнчүлүк берүү маанилүү. Ошондой эле ар кандай платформаларда бейтаныш адамдар менен сүйлөшүүгө, социалдык тармактарга жеке маалыматтарын жүктөөгө болбой тургандыгын балдарга айтуу зарыл.

Кыргызстанда балдарга кооптуу интернет оюндарына тыюу салынганбы?

Быйылкы жылы абдан таанымал болгон Roblox жана Minecraft платформасы өспүрүмдөргө кооптуу болуп эсептелет. Бул оюндардын эң коркунучтуусу бала ошол платформаны колдонуу үчүн катталууда жеке маалыматтарын жазышат. Ошондой эле оюн учурунда ар кандай кызыктыруучу тапшырмалар берилип, балдар ошол платформага азгырылуу менен көп убактысын оюнга жумшашат. Мында жеке маалыматтарын, эсеп карталарын алуу менен кибер алдамчылыкка да дуушар болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө адистердин айтуусу боюнча, Roblox жана Minecraft платформалары балдар үчүн кооптуу деп саналат. Roblox платформасын Кыргызстанда колдонууга тыюу салуу демилгеси жакында эле Жогорку Кеңеш тарабынан көтөрүлдү. Азыркы учурда жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору бул платформанын зыяндуулугу тууралуу окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Онлайн коркунучка кабылган учурда жарандар кимге кайрылуулары керек?

Интернет аркылуу онлайн коркунуч жаралган учурда жарандар ички иштер органдарына арыз менен кайрылуулары керек. Андан кийин тиешелүү кызматкерлер аныктоо боюнча иш жүргүзүшөт.

Эскерте кетсек, жыл башында Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Аматов кезектеги жыйында балдардын интернетти жана онлайн-оюндарды колдонуусуна чектөө киргизүү маселесин көтөргөн. Анда мектеп окуучулары топ-тобу менен Roblox жана Minecraft сыяктуу оюндарды мектептерде ойноп жатышкандыгы айтылган.

“Бул оюндарда ар кандай адамдар бар. Балдар алар менен комментарийлер аркылуу кат алышат. Алардын арасында ою жаман адамдар, анын ичинде бачабаздар да болушу мүмкүн. Ошондой эле балдар ата-энелеринин банктык карталарынан акча которгон учурлар да катталган”, - деп билдирген депутат.

Ошондуктан ата-энелер менен мугалимдер балдардын интернеттеги аракеттерин көзөмөлдөп, алар менен ачык баарлашып, коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп туруусу зарыл. Балдардын онлайн коопсуздугу – жалпы коомдун жоопкерчилиги.