Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Кечээ, 25-июнда Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева президенттин администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы, Маалыматтык саясат кызматы жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурган "Балдардын укуктарын коргоодо ЖМКнын ролу: этика, коопсуздук жана кесипкөйлүк" аттуу эки күндүк тренингди ачты.
Тренингге мамлекеттик органдардын Басма сөз кызматтарынын кызматкерлери жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери катышууда. Иш-чаранын негизги максаты — балдарга байланыштуу темаларды чагылдырууда кесипкөйлүк жөндөмдү эл аралык стандарттарды жана балдардын укуктарын коргоо принциптерин эске алуу менен жогорулатуу.
Өз сөзүндө Асел Чынбаева балдар темасын жоопкерчилик менен чагылдыруунун маанилүүлүгүн, баланын кызыкчылыгын, купуялуулугун, коопсуздугун жана адамдык кадыр-баркын сыйлоо зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө басма сөз кызматтары балдардын укуктарын коргоо системасында маанилүү ролду ээлеп, балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча мамлекеттик чаралар тууралуу коомдук пикирди калыптандырып, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Тренингдин жүрүшүндө балдар темасын чагылдыруунун укуктук, этикалык жана психологиялык аспектилери, ошондой эле ЖМК менен басма сөз кызматтарынын өз ара аракеттенүү маселелери каралууда.
Жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик органдар жана ЖМКлар үчүн балдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгышат.