Кыргызстандык жаш окумуштуулар Италияда эл аралык сыйлыкка ээ болду

Коом Загрузка... 26 Июнь 2026 10:00
1.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. 24-июнда Римде ISIA Strategic Horizons: Italy-Asia Research Award сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Италиянын Азия институту (ISIA) тарабынан негизделген сыйлык Италиянын Азия өлкөлөрү менен стратегиялык мамилелери боюнча мыкты изилдөөлөрдү колдоого багытталган.

Италия жана Азиянын бир катар өлкөлөрүнөн 30дан ашуун жаш окумуштуу катышкан бул престиждүү сынакта кыргызстандык эксперттер башкы байгелүү орундарды багындырып, чоң ийгиликке жетишти.

  • 1-орун – Жоомарт Надырбеков (Кыргызстан): "Түндүк" ААК эксперти. Анын изилдөөсү: "Санариптик Жибек жолу 2.0: Борбор Азиянын электрондук өкмөт чөйрөсүндө Италия үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк".
  • 2-орун – Темирлан Разбаев (Кыргызстан): президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун эксперти. Анын изилдөөсү: "Венчурдук капитал жана технологияларды Борбордук Азияга өткөрүп берүү үчүн Италия дарбазасы катары: Кыргызстандын стратегиялык ролу".
  • 3-орун – Айгерим Смагулова (Казакстан): "Астана Ачык Диалог" эксперти. Анын изилдөөсү: "Италия – Казакстан: Санариптештирүү доорундагы стратегиялык өнөктөштүк".
2

Иш-чарага катышкан Кыргызстандын элчи Эрмек Өмүралиев ISIA институтуна ыраазычылык билдирип, бул сынак Италия менен Кыргызстандын жана жалпы Борбор Азиянын ортосундагы стратегиялык диалогду бекемдөөгө олуттуу салым кошорун белгиледи.