Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Өлкөдөгү шаарлар арасында өтүп жаткан "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагынын максаты балдардын жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү жана алардын кызыкчылыктарын коргогон маселелерди чечүүгө жаштарды активдүү катышууга тартуу, ошондой эле балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча шаарлардын ишмердигине дем берүү. Бул тууралуу Улуттук тарых музейинде өткөн аталган сынактын конкурстук комиссиясынын жыйынтыктоочу отурумунда айтылды.
Маалымдалгандай, бул сынак министрлер кабинетинин тиешелүү токтомун ишке ашыруунун алкагында эки жылда бир жолу өткөрүлүп келет. Бул ирет өлкөдө үчүнчү жолу өткөрүлүүдө.
Жыйындын башында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, Кыргызстандын жаш мамлекет болгону эң жакшы артыкчылыгы экенин белгиледи.
Анын айтымында, өлкөдө калктын үчтөн экиси 30 жаштан кичүү куракта.
"Сынак тууралуу айтсам, 2020-жылы Каракөл шаарына биринчи орун, Балыкчы шаарына экинчи, ал эми үчүнчү орун Баткен шаарына берилген. Ал эми 2023-жылы Кочкор-Ата шаарына биринчи орун, Раззаков шаары экинчи орун, Кара-Суу шаарына үчүнчү орун ыйгарылган. Андан бери өлкөбүздүн жер-жерлерде өнүгүүлөр арбын болуп, анын катарында шаарларыбызда да өзгөрүлүп, өсүп жатат. Менин оюмча учурда сынак өз максатына жетүүдө, жергиликтүү бийлик органдары жаштардын кызыкчылыгына көңүл бурууда. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагы 5-6 ирет өткөрүлүп жатат. Буга чейин ЮНИСЕФ тарабынан белгиленип, уюштурулуп келген болсо, 2-3 жылдан бери өкмөт тарабынан каражат бөлүнүп, өткөрүлүп келе жатат. Бирок, ал кезде чоң жылыштар жок эле, бир аянтчада аткарылган иштер даңазаланып келген. Андан бери күн менен түндөй кырдаал толугу менен өзгөрдү. Республикабыздын ар бир булуң-бурчунда өнүгүү, өзгөрүү иштери жүрүп жатат",- деди Байсалов.
Белгилүү болгондой, бүгүнкү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өткөн комиссиясынын жыйынында алдыга чыккан 4 шаардын отчеттору каралды.
Эскерте кетсек, сынактын жобосуна ылайык, 1 орунга 3 млн сом, 2-орунга 2 млн сом, 3-орунга 1 млн сом -жалпы 6 млн сом байге фонду каралган.