Бишкек, 25.02.26 /Кабар/. Индонезиянын Бали аралында тынымсыз жааган нөшөрлүү жаандан улам эң жогорку деңгээлдеги аба ырайы кооптуулугу жарыяланды. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай нөшөрлөгөн жаан-чачындар кеминде 26-февралга чейин уланат. Ошондой эле жээк жана түздүк аймактарда шамалдын ылдамдыгы күчөшү күтүлүүдө. Алардын катарында Денпасар, Бадунг, Булеленг, Карангасем, Клункунг жана Гианьяр райондору бар. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 12,5 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Мындан тышкары, аралдын түштүк жээктеринде толкундун бийиктиги 4 метрге чейин көтөрүлүшү ыктымал. Бийлик өкүлдөрү жергиликтүү тургундарды жана туристтерди сак болууга, суу каптаган аймактардан алыс болууга жана расмий аба ырайы маалыматына көңүл буруп турууга чакырышууда.