Баткен облусунда селден коргоо чаралары күчөтүлөт

Аймак Загрузка... 04 Май 2026 16:33
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында акыркы күндөрү өлкө аймагында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү боюнча жыйын өттү.

Жыйынга президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов, район жана шаар башчылары, ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери онлайн форматында катышты.

Облус башчысы селдин кесепеттери жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 29-апрелден тарта жааган жаан-чачындан улам Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында сел жүргөн.

Селден Ак-Татыр айыл аймагы өзгөчө жабыркап, натыйжада район аймагына “өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Жарандык коргонуу кызматтарынын аракети менен аталган айылда жабыркаган жалпы 71 турак үй аныкталып, анын ичинен 10 турак үйгө сел суулары кирген. Учурда бул үйлөр толук тазаланып бүттү.

Турак жайлары жабыркаган тургундарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Т. Садыков атындагы орто мектепте атайын жай уюштурулган. Бирок жарандар өз каалоолору менен туугандарынын үйлөрүнө жайгашып, жалпысынан 35 үй-бүлө эвакуацияланган.

Азыркы тапта жол каттамдары толук ачылды. Үзгүлтүккө учураган электр энергиясы калыбына келтирилди. Сугат жана таза суу объектилерин калыбына келтирүү иштери уланууда.

Саламаттык сактоо кызматкерлери тарабынан жеринде жарандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аймакта залалсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Тургундарга атайын унаалар менен таза суу жеткирилип, негизги керектелүүчү буюмдар менен камсыздоо иштери уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө жалпы Баткен облусунун сел кооптуу аймактарын, анын ичинде сел көп катталган Ак-Татыр айылын селден коргоо боюнча чараларды күчөтүү маселеси каралды.

Адылбек Касымалиев аймакты сел сууларынан коргоо боюнча пландалган долбоорду дыкат иштеп чыгып, тиешелүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле бул багыттагы иштерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлөөрүн белгиледи.