Баткенде сел жүрүп, Ош – Раззаков унаа жолу убактылуу жабылды

Аймак Загрузка... 27 Июнь 2026 21:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Бүгүн Баткен районунун Рават айылында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ош – Раззаков унаа жолу убактылуу жабылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, андан сырткары катуу шамалдан улам айрым жерлерде бак-дарактар сынып турак үйлөргө, электр чубалгыларына зыян келтирилген.

"Учурда жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана тиешелүү мекемелер күчөтүлгөн тартипте иш алып баруула. Келтирилген зыянды тактоо иштери жүрүүдө. Абал көзөмөлдө", - деп айтылат маалыматта.