Бажы кызматы: Дары-дармек импорттоодо мыйзам бузган компания аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 06 Июль 2026 17:25
WhatsApp_Image_w4oIiAK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо КНС төлөөдөн бошотуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз колдонуу фактысын аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, "Н.В.С.О." компаниясы дары-дармек каражаттарын ташып келүүдө иш жүзүндө салыктан бошотулган дары-дармектердин тизмесине дал келбеген товарга КНС боюнча жеңилдик колдонгону аныкталды. Дары каражаттарынын бир бөлүгү эриткич (лидокаин) менен бир комплектте импорттолгон, бул дары каражатынын чыгарылыш формасын өзгөртөт жана аталган жеңилдикти колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

Мыйзамсыз колдонулган жеңилдиктин жалпы суммасы 1,2 млн сомдон ашты.

Материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.

"Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, бюджетке 1 303 558 сом түшүрүлдү",-деп айтылат маалыматта.