Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Ошто техникалык нормаларды бузган курулуш объектисинин иши токтотулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарынын Ишматов көчөсү 152/1 дарегинде жайгашкан, 23 блоктон турган 5 кабаттуу турак жай комплексинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында объектте курулуш-монтаждоо иштери техникалык ченем жана коопсуздук талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. Тактап айтканда, курулуш аянтында коргоочу тосмолор орнотулган эмес, ошондой эле жумушчулар атайын коргоочу кийимдер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган эмес.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча "Буссоль" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин объекттеги курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.