КФБ: Бүгүнкү 23 жаштагы жаш футболчулар – эртеңки улуттук кураманын өзөгү

Маек Загрузка... 24 Сентябрь 2025 15:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Акыркы жылдары кыргыз футболу жаңы деңгээлге көтөрүлүп, катар-катары менен ийгиликтерди жаратууда. Жакында эле, 9-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча (U-23) жаштар курама командасы Шри-Ланка менен беттешип, 6:0 эсебинде ири жеңишке жетишти. Бул натыйжа курамага Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди. Алдыда кыргыз футболунун өнүгүшү тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков кеңири айтып берет.

- Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасынын алгачкы жолу Азия кубогуна чыгышын кандай тарыхый жетишкендик деп баалайсыз?

- Бул биринчиден, кыргыз футболу үчүн тарыхый окуя болуп саналат. Себеби, 1992-жылы кыргыз футбол биримдиги түптөлгөндөн тарта улуттук курамалардын арасынан ушул 23 жаштагылар арасындагы курам биринчи жолу тарых жаратып, мелдешке жолдомо ала алды. Ошон үчүн мен муну тарыхый окуя деп эсептейм. Экинчи тарабынан алганда, муну биздин акыркы жылдарда кылып жаткан эмгегибиздин үзүрүн деп бааласак болот. Эмнеге дегенде 2023-жылы 2003-2004-жылкы балдардан турган команда түзүп, "Илбирс" футбол клубуна жайгаштырып, жатакана, тамак-аш, кийим-кече, айлык маяна, сый акылар менен камсыздап, машыгууларды уюштуруп берип, аларды 17-18 жашынан премьер лигага кошуп, команданы түптөп келе жатабыз. Төрт жыл аралыгында биз ушул жыйынтыкка жете алдык.

53346471264010_quHPpsf.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

- Сиздин оюңузча бул ийгиликтин башкы фактору эмне?

- Жогоруда айтып кеткендей, бул балдарды биз төрт жылдан бери даярдап келе жатабыз. Бул курама 2022-жылы 20 жашка чейинкилер арасында дагы ийгилик жаратып, Азия кубогуна чыккан. Ал эми 2023-жылы март айында Ташкентте өткөн Азия кубогунда 20 жашка чейинкилердин турнирине катышкан. Маалым болгондой, 2005-2006-жылкы балдар дагы 2024-жылы Азия кубогуна жолдомо алышып, 2025-жылы февраль айында Кытайга барып ойноп келишти. Жогоруда аталган төрт жылдагы балдарды эки жылдан 4 жыл аралыгында даярдадык. Экинчи тарабынан алганда бул курамалар премьер-лигада улуу балдар менен ойноп жүрүп дагы такшалышты. Андан сырткары, психо-эмоционалдык, физикалык, чеберчилик, тактикалык жактан дагы көп нерсеге үйрөнүп, бышып жетилип калышты десем жаңылышпайм. Ошондой эле, бразилиялык машыктыруучу Эдмар Ласерда менен 4 айга келишим түзгөнбүз. Бул жерде анын дагы таасири чоң болду. Өзүңүздөр билгендей, Бразилия дүйнөлүк чемпионатта ойноп жүргөн өлкө катары негизи эле футболдо бизге салыштырмалуу ийгиликтүү. Ласерде андан сырткары, Украинанын жарандыгын алып, чемпиондук лигада, “Шахтер Донецк” командасында, курамада ойноп көп ийгиликтерди жараткан. Анын ар бир айткан сөзү, берген тапшырмасы, убагында оюн талаасына алып чыкканы, көнүгүү-машыгуу иштери ушул жыйынтыкка алып келди.

53235592731894.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

- Азия кубогунда курама мыкты жыйынтык көрсөтүшү үчүн Кыргыз футбол биримдиги балдарды кандай даярдап, кандай колдоо көргөзөт?

- Бразилиялык Эдмар Ласерда менен май айынан сентябрь айына чейин келишим түзгөн болчубуз. Азыркы учурда келишимди дагы 4 айга узарталы деп чечтик. Ушул убакыт аралыгында аталган машыктыруучунун жетекчилиги астында турнирге даярдыктарды көрөбүз. Октябрь айында балдар ички чемпионатта жана сырткы клубдарда ойногондугу үчүн аларга тийишпей турабыз. Ал эми ноябрь айында дата-фифа маалында футбол клубдары балдарды коё берет. Ошондон кийин Кыргызстанда же сыртта эки жолдоштук оюн өткөрөлү деп жатабыз. Андан сырткары, декабрь айнынан баштап 7-январга чейин шарттарды түзүп, көнүгүү-машыгуу, даярдык иштерин баштайбыз. Машыктыруучунун койгон талаптарынын баарын аткарабыз. Себеби, балдардын алдындагы эң негизги талап – Азия кубогунда ийгиликке жетүү. Мындан улам биз аларга бардык шарттарды түзүп беребиз.

c2c6c7c5-ce7b-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

- Бул тарыхый ийгилик жалпы кыргыз футболунун эл аралык аброюна кандай таасирин тийгизет?

- Өзүңүздөр билгендей, бул биринчиден спорттук көрсөткүчтөр, муну менен бирге эле төрт жылдын жана акыркы эки жылдын аралыгындагы мамлекет тарабынан дагы абдан жакшы көңүл бурулуп, биз 30 жылдай эңсеп жүргөн кыялыбыз орундалып, жомоктогудай эле колдоолор болуп жатат. Президенттин жарлыгы чыкты. Андан кийин Камчыбек Кыдыршаевич Футбол федерациясына президент болуп шайланып келди. Мунун алкагында чоң-чоң иштер аткарылып жатат. Эл аралык аброй дегенде, бул ийгилик сөзсүз өзүнүн таасирин тийгизип, чоң аброй алып келет. Себеби, биз мындай ийгиликке 33 жыл аралыгында жетишкен эмеспиз. 47 мамлекеттин арасынан 16 күчтүү мамлекеттин катарына кирип, 23 жашка чейинки жаштардын турнирине кирүү биз үчүн чоң жетишкендик.

2e4439bd-b5e4-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

- Олимпиадалык кураманын (U-23) ийгилиги улуттук курама команда үчүн кандайдыр бир стимул болобу?

- Олимпиадалык курама - бул 23 жашка чейинки азыр ойноп жаткан биздин жаш футболчуларыбыз, эртеңки биздин кураманын негизги өзөгүн түзө турган балдар. Келечек жаштардыкы дегендей эле, азыркы учурда тапталып жаткан балдарыбыз келечекте Азия кубогуна улуттук курама командалардын арасында, андан кийин 2028-2029-жылдары дүйнө чемпионатынын тандоосуна ойношот. Ошон үчүн бул балдардын 60-70% биздин улуттук кураманын өзөгүн түзөт деп ишеничтүү айта алам.