Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Билим берүү тармагын каржылоо 2021-жылга салыштырмалуу 85%га өсүп, 75,3 млрд сомго жетти. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтымында беш жылдын ичинде билим берүү жана адам капиталын өнүктүрүүдө бир катар иштер жасалган.
“2025-жылы билим берүү тармагына 75,3 млрд сом бөлүнүп, 2021-жылдагы 40,7 млрд сомго салыштырмалуу каржылоо 85 пайызга көбөйдү. Мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы камтылышы 2021-жылдагы 22 %дан 51%га чейин өстү. 2025-жылы 117 мектеп салынып жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү, анын ичинен 76сы жаңы объект, 41и капиталдык оңдоодон өткөн мектеп.
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу массалык түрдө жүргүзүлүп, 41 081 педагогикалык кызматкер окуудан өттү. Ошондой эле, Кыргызстандын 5 алдыңкы окуу жайы дүйнөнүн мыкты университеттеринин катарына кошулду. Таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүлүп, жаңы муундун адистерин даярдоо максатында президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын негизинде 52 жаран дүйнөлүк рейтингдердин алдыңкы 100 жогорку окуу жайларында билим алууда”,-деп белгиледи Байсалов.