Бир жылда миллионго жакын көрүүчү: Кыргызстанда музейге баргандар көбөйдү

Маданият Загрузка... 20 Май 2026 16:30
6.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. 2025-жылы өлкө аймагындагы музейлерге 931 миң адам келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, келгендердин эң көп үлүшү Ош шаарына (40 пайыздан ашык), Бишкек шаарына (20 пайыздан ашык), Чүй облусунун (11 пайыздан ашык) жана Ош облусунун (8 пайызга жакыны) музейлерине туура келди.

Бул жылы республиканын аймагында 67 музей иш алып барып, зыяратчыларга 212 миңге жакын экспонат сунушталган.

Экспонаттардын эң көп саны Бишкек шаарына (56 миң), Ысык-Көл облусуна (41 миң) жана Ош шаарына (34 миң) таандык.

Музей кызматкерлери тарабынан 2025-жылы 13 миңден ашык экскурсия өткөрүлүп, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарына тиешелүү 1 миңден ашуун лекция даярдалган.