Кыргызстан жаңы доордун символуна айлана турган ири спорттук объектке ээ болуу алдында турат. Бишкек шаарына жакын жайгашкан Орок айылында курулуп жаткан “Бишкек Арена” өлкөдөгү эң чоң футболдук стадион гана эмес, заманбап архитектураны, улуттук маданиятты жана дүйнөлүк стандарттарды айкалыштырган көп функционалдуу комплекс болот.
Долбоордун жаралуу тарыхы
Кыргызстанда заманбап улуттук стадион куруу демилгеси 2023-жылы көтөрүлгөн. Ошол эле жылы 30-августта Орок айылында курулушка капсула салынып, 2024-жылы негизги курулуш иштери башталган. Долбоорду 2026-жылдын 31-августунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен пайдаланууга берүү пландалууда.

Борбор Азиядагы эң чоң ареналардын бири
Баштапкы долбоор боюнча стадион 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Бирок кийин FIFA`нын талаптарына ылайык долбоор кайрадан иштелип чыгып, анын сыйымдуулугу 51 миң орунга чейин көбөйтүлдү. Натыйжада, “Бишкек Арена” Кыргызстандагы эң чоң футбол стадиону гана эмес, пайдаланууга берилгенден кийин сыйымдуулугу боюнча Борбор Азиядагы эң ири аренага айланат. Салыштыра кетсек, учурда аймактагы эң чоң стадиондордун катарына Түркмөнстандагы “Олимпик” (45 миң орун), Өзбекстандагы “Пахтакор” (35 миң орун) жана “Миллий” (34,8 миң орун), ошондой эле Казакстандагы “Астана Арена” (30 миңден ашык орун) кирет.

Архитектурадагы өзгөчөлүк
“Бишкек Арена” кадимки тик бурчтуу стадион эмес. Архитекторлор анын сырткы көрүнүшүн боз үйдүн формасында иштеп чыгышкан. Имараттын тегерек формасы боз үйдү элестетсе, чатырындагы конструкциялар түндүктүн элементтерин чагылдырат. Ал эми фасадындагы сызыктар керегенин көрүнүшүнө окшоштурулган. Атап айтканда, долбоордо улуттук символдор заманбап инженердик чечимдер менен айкалышкан.
Ошондой эле арена 8 функционалдык блоктон турат. Анын бийиктиги болжол менен 70 метр, диаметри 280 метрге жетет. FIFA талаптарына ылайык стадиондо 26 кире бериш уюштурулуп, миңдеген көрүүчүлөрдүн кыска убакытта кирип-чыгуусу камсыздалат. Ошондой эле унаа токтотуучу чоң жайлар жана заманбап инженердик системалар каралган.

Эл аралык стандарттар боюнча курулууда
Стадион FIFA жана Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык долбоорлонгон.
Анда төмөндөгү иш-чараларды өткөрүүгө болот:
- эл аралык футбол беттештерин;
- Азия чемпионаттарынын оюндарын кабыл алуу;
- дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук иш-чараларды уюштуруу.
Стадиондо дүйнөлүк спорттук бренддер орун алат
Стадиондун курамында жалпы аянты 40 миң чарчы метрди түзгөн коммерциялык объекттер да болот. Бул жайларда дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү спорттук бренддер жайгаштырылат. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин айтымында, долбоор стадионду спорттук иш-чаралардан тышкары заманбап соода жана тейлөө борбору катары да өнүктүрүүгө багытталган. Мындай ыкма дүйнөдөгү заманбап ареналарда кеңири колдонулат.

Алгачкы аталышы “Азаттык Арена” болгон
Башында стадиондун аталышы “Азаттык Арена” деп белгиленген. Бирок, президент Садыр Жапаров калктын пикирин эске алып, коомдук талкууларды өткөрүп, элдин басымдуу бөлүгүнүн каалоосуна ылайык стадиондун жаңы аталышы расмий түрдө “Бишкек Арена” болуп өзгөртүлгөн.
Курулуш иштери кайсы баскычта?
Учурда өлкөдөгү эң ири стадиондун курулуш иштери 95 пайызга аяктады. Атап айтканда, ал соңку баскычка жетти. Президенттин Иш башкармалыгы билдиргендей, темир-бетон жумуштары, металл каркасын орнотуу жана тышкы инженердик тармактарды куруу иштери 100% аяктады. Ички жана тышкы жасалгалоо иштери 97 пайызга бүткөрүлсө, кереге орнотуу 91 пайызга аткарылды. Учурда көрүүчүлөр үчүн отургучтарды орнотуу иштери уланууда. Аларды толук бүтүрүү июль айынын ортосуна пландалган.
Муну менен катар, көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлүп, жашылдандыруу 65 пайызга, сырткы гранит төшөө 70 пайызга аткарылды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы аренасы
Объекттин ачылышына саналуу гана жумалар калды. “Бишкек Аренанын” ачылышын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин менен бирге өткөрүү мерчемделип жатат. Атап айтканда, эки ири жана маанилүү иш-чаранын ачылыштары бир күндө жасалмакчы. Ал эми бул Кыргызстан үчүн жаңы аренанын мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө көрсөтүүгө шарт түзөт.

Долбоордун артыкчылыгы эмнеде?
“Бишкек Арена” жөн гана жаңы стадион эмес. Ал Кыргызстанда спорттук инфраструктураны жаңы деңгээлге чыгарууну, эл аралык мелдештерди өткөрүүнү, туризмди өнүктүрүүнү жана борбор калаанын жаңы өсүү чекитин түзүүнү көздөгөн стратегиялык долбоор болуп саналат.
Улуттук маданият менен заманбап технологияны айкалыштырган бул комплекс жакынкы жылдары Кыргызстандагы эң маанилүү архитектуралык жана спорттук объектилердин бири болушу күтүлүүдө.