Бишкек мэриясында ишеним телефондору иштеп жатат

Коом Загрузка... 08 Июнь 2026 09:50
1780890144_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү жана өз ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо максатында Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрдүндө ишеним телефондору иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарандар жана уюмдар коррупциялык тобокелдиктер, мыйзам бузуулар, кызыкчылыктардын кагылышы жана ушул сыяктуу башка жагдайларга байланышкан маселелер боюнча кайрыла алышат.

Ишеним телефондору:

  • 0312 97 91 95 (кошумча 0603)
  • 0312 97 91 95 (кошумча 0602)

Келип түшкөн кайрылуулар мындан ары карап чыгуу жана белгиленген тартипте тийиштүү чараларды көрүү үчүн кабыл алынат.