Бишкек саммитинин салмагы: ШКУ дүйнөлүк аренада таасирин кантип күчөтүүдө?

ШКУ Загрузка... 03 Июль 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-07-03 at 10.27.13.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Бишкектеги саммити жакындаган сайын анын глобалдык чакырыктар шартындагы мааниси жана зарылчылыгы дүйнөлүк деңгээлде кеңири талкууланууда. Дээрлик 25 жылдык тарыхында ШКУ Кытай, Россия, Индия сымал салмактуу жана Борбордук Азия сыяктуу экономикасы чакан өлкөлөрдүн башын бириктире алды. Алардын өз кызыкчылыктарын коргоосуна, саясий пикир келишпестиктер тобокелдиктерин азайтууга жана эл аралык аренада уюмдун жамааттык таасирин күчөтүүгө мүмкүндүк берди.

Учурдун салмактуу саясий-экономикалык платформаларынын бирине айланган Шанхай кызматташтык уюмун негиздөөчүлөрдүн бири Кыргызстан экенин белгилей кетүү керек. Токсонунчу жылдары мурдагы союздун Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Тажикстан республикалары менен Кытай арасындагы чек араларда коопсуздукту камсыздоо зарылчылыгы чыккан. Аталган өлкөлөрдүн коргонуу багытындагы кызматташтыгы ийгиликтүү чыгып, саясий чөйрөдө “Шанхай бешилтиги” атка конду. Бара-бара талкуулардын жана демилгелердин тематикасы экономикалык, энергетикалык, транспорттук, социалдык жана маданий багытта кеңейген. Натыйжада аймактык чакан бешилтик 25 жыл ичинде дүйнө элинин (3,5 млрд) жана жеринин (65%) дээрлик жарымын камтыган глобалдык Шанхай кызматташтык уюмуна айланды. Курамында дүйнөлүк экономиканын гиганттары, жаратылыш байлыктарын басып жаткан, элинин саны, жеринин кеңдиги, өзөктүк куралы менен ири державалар бар.

Эске салсак, ШКУга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Россия, Кытай, Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь мүчө. Афганистан менен Монголия ШКУнун байкоочу макамында. Ал эми Азия менен Африканын 14 мамлекети - Азербайжан, Армения, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдив, Мьянма, Непал, БАЭ, Сауд Аравиясы, Түркия жана Шри-Ланка ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөр.

ШКУ өзүнүн мүчөлөрүнө коопсуздукка болгон ишенимди берди. Жогоруда белгиленгендей ШКУ башатында эле коопсуздук зарылчылыгынан келип чыккан уюм. Бирок аскердик блок эмес. Ишмердигинде курамындагы мүчөлөрү үчүн зарыл болгон коопсуздук маселелерин камтып келет. Бул өңүттөн алганда ШКУ аймактык коопсуздуктун тиреги десе болот. Терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү максатында ШКУнун Регионалдык антитеррористтик структурасы иштеп жатат. Ошондой эле баңгизаттарын жана курал-жарактарды мыйзамсыз соодалоо, баңги мафиясы, уюшкан жана трансулуттук кылмыштуулук, мыйзамсыз миграция, киберкылмыштуулук сымал учурдун коркунучтарына каршы биргелешкен күрөш жүрүп келет.

Дүйнөнүн территориясы, калкы, стратегиялык ресурстары, саясий таасири боюнча салмактуу мамлекеттер жана Кыргызстан сымал өнүгүп келе жаткан чакан өлкөлөр глобалдык тобокелдиктер жана чакырыктар шартында, туруктуулук менен коопсуздукту биргелешип иш алып баруу менен камсыздаса болорун далилдеп жатышат.

WhatsApp Image 2026-07-03 at 10.17.12

Тарых илимдеринин доктору, ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун профессору Байболот Абытов ШКУнун Евразия аймагында коопсуздукту кандай камсыздап жатканына көңүлдү бурду.

“Коопсуздук - ШКУнун пайдубалы. Анын негизги куралы ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмү. Ал “жамандыктын үч күчү” болуп эсептелинген терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөштү координациялайт. Аларга каршы туруу үчүн аскердик машыгууларды, келишимдик-укуктук базаны, маалымат алмашууну жана эл аралык кызматташтыкты бириктирген узак мөөнөттүү механизмди кура алды. 2006-жылдан бери “Тынчтык миссиясы”, “Антитеррор” сымал масштабдуу аскердик машыгуулар өтүп келет. ШКУнун дагы бир ролу чыр-чатактардын алдын алуу. ШКУ "түбөлүк дос, эч качан душман эмес" принциби менен узак мөөнөттүү коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимди түзүү аркылуу пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүү механизмдерин түздү”, - деди Байболот Абытов.

ШКУ экономика үчүн кеңири мейкиндик. Шанхай кызматташтык уюму жалпы максаттарга жетүү үчүн экономикасы чакан жана күчтүү мамлекеттерди бириктирүүгө жөндөмдүү экендигин көрсөттү. Бүгүнкү күндө ШКУнун алкагында соода-экономикалык байланыштар кеңейип, инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып, өнөр жай кооперациясы чыңдалууда.

Бир эле Кыргызстан менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2,2 эсеге өстү. Биздин өлкөдө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, кыргыз-кытай чек арасындагы жаңы Бедел өткөрүү пункту, Барскоон-Бедел автожолунун курулушу, ири энергетикалык долбоорлор аймактык байланышты чыңдоого салымын кошот. Булар Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй ШКУ мейкиндиги үчүн стратегиялык мааниге ээ. Мисалы, Түркмөнстан Борбор Азиядан ШКУга кире элек жалгыз өлкө. Буга карабай Ашхабад ШКУ саммиттерине кызуу катышып, мүчөлөрү менен кызматташууда. Анткени аны уюмдун аймагындагы транс улуттук транспорттук коридорлор кызыктырып келет.

Ал эми жалпы ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы көрсөткүчтөрү мүчө мамлекеттердин потенциалы күчтүү экенин көрсөтүп турат:

  • ШКУнун ИДПсы 30 трлн долларды түзүп, бул жалпы дүйнөлүк ИДПнын 25 пайызы.
  • Акыркы 10 жылда ШКУга мүчө мамлекеттер жалпысынан 2 трлн доллардан ашык инвестиция тарткан.
  • Аймакка сырттан кирген түз инвестициянын көлөмү дүйнөлүк көрсөткүчтүн дээрлик 20% түздү.
  • ШКУнун Ишкердик кеңеши, Банктар аралык бирикмеси, Энергетикалык клубу иштеп келет.

Мындан сырткары экономиканын башка багыттары боюнча да кызматташтыктар жүрүүдө. Учурда ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү маселеси кызуу талкууланып жатат. Каржылык механизм жөнгө салынса уюмдун ишмердиги жаңы практикалык деңгээлге чыгат.

WhatsApp Image 2026-07-03 at 10.19.00

Эл аралык иштер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров ШКУда экономикасы динамикалуу өнүгүп келе жаткан мүчөлөргө мүмкүнчүлүк берилип, тең салмактуулук сакталып жатканын белгилейт.

“Кытай, Россия баштаган ири өлкөлөр менен мамилелерди дагы да чыңдоо жана тышкы саясатты жүргүзүүдө ШКУнун аянты Кыргызстан үчүн 25 жыл ичинде эң мыкты мүмкүнчүлүк болду. Эл аралык уюмдардын ичинен кадыр-баркы боюнча ШКУ БУУдан кийинки эле орунда турат деп эсептейм. Анткени, дүйнө өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар Шаңхай кызматташтык уюму менен эсептешкидей абалга келип жетти. Өзгөчө экономикасы динамикалуу өнүгүп жаткан чыгыштын Индия, Кытай сымал мүчөлөрүн эске алганда ШКУ дүйнөлүк саясаттын аба ырайын өзгөртө ала турган уюм. Анын үстүнө мүчөлөрүнүн көбү экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңири болгон чыгыш өлкөлөрү. Анын ичинен Кыргызстанды эле алып көрсөк, ИДП 11%га жетип, кемибей келе жатат. Борбордук Азия боюнча экономикалык өсүү ыргагы эң алдыда келе жаткан өлкө”, - деди Кубанычбек Чекиров.

Серепчилер белгилеген дагы бир жагдай, ШКУ айрым мүчөлөрү арасындагы пикир келишпестиктерге, өз ара атаандашууларга караганда жалпы кызыкчылыктар жана кызматташуулар маанилүү экенин көрсөтүп келет. Уюм мүчөлөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого, саясий пикир келишпестиктердин тобокелдиктерин азайтууга жана эл аралык аренада уюмдун жамааттык таасирин күчөтүүгө аракет кылууда.

Жыйынтыктап айтканда ШКУ өз мүчөлөрүнө диалог үчүн күчтүү саясий платформаны, терроризмге каршы күрөш аркылуу аймактык коопсуздукту, инфраструктуралык байланышты жана рынокторду, ресурстарды бириктирүү аркылуу экономикалык пайданы камсыз кылды.