Бишкекте "Борбор Азия – АКШ" бизнес форуму башталды

Экономика Загрузка... 04 Февраль 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Бишкекте "B5+1" бизнес форуму башталды.

"Бизнес 5+1" иш-чарасы АКШ менен Борбор Азиянын бизнес кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт.

2025-жылдын ноябрындагы C5+1 лидерлеринин саммитинен кийин Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) министрлер кабинети менен биргеликте Бишкекте экинчи "B5+1" форумун өткөрүп жатат.

Мында Алматы форумунан бери жетишилген ийгиликтер талданып, Борбор Азияда аймактык экономикалык интеграцияны андан ары өнүктүрүүгө жана Америка Кошмо Штаттары менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган жаңы артыкчылыктар аныкталат.

Борбор Азияда бизнес чөйрөсүн жакшыртуу программасынын алкагында АКШнын Мамлекеттик департаменти "B5+1" форумун 2029-жылга чейин каржылоону колдойт. Ага ылайык, ар бир Борбор Азия өлкөсүндө жыл сайын форум уюштурулат.

Форумга Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) жана Америка Кошмо Штаттарынан жеке сектордун лидерлери, бизнес ассоциациялары жана эксперттери катышууда.

Форумдун биринчи күнүндө минералдык ресурстар боюнча панелдик талкуу, ошондой эле мамлекеттик-жеке диалог форматында айыл чарбасы, туризм, каржы жана банк иштери боюнча сессиялар болот.

Эске салсак, биринчи "B5+1" форуму 2024-жылы Алматы шаарында өткөн.