Кыргызстан өзүнүн кайра иштетүү кубаттуулугун өнүктүрүү аркылуу күйүүчү май рыногундагы импортко болгон көз карандылыкты азайтып, энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоону улантууда.
Экономика жана коммерция министрлиги Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында заманбап мунай иштетүүчү завод куруу боюнча “Борбор Азия энергетикасы” ЖЧКсы менен инвестициялык келишимге кол койду. Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн мунай иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн жаңы баскычы болмокчу.
Долбоор тууралуу
Экономика жана коммерция министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, келишим 25 млн АКШ долларын түзгөн өнөр жай долбоорун ишке ашырууну көздөйт.
Долбоор жылына 450 миң тонна мунай заттарын өндүрө турган мунай иштетүүчү заводду курууну камтыйт. Ишканада К5 жана К6 экологиялык класстагы бензин жана дизель отуну, ошондой эле битум жана мотор майлары өндүрүлөт.
Долбоордун социалдык жагына өзгөчө көңүл бурулган. Завод пайдаланууга берилгенден кийин кеминде 300 жаңы жумуш орду түзүлөт. Мында кызматкерлердин кеминде 90 пайызы Кыргызстандын жарандары болот. Министрликтин маалыматына ылайык, бул жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу менен катар заманбап мунай иштетүү тармагына ата мекендик адистерди даярдоого шарт түзөт.

Инвестиция башталды
Келишимге кол коюлганга чейин эле инвестор компания долбоорду ишке ашырууга олуттуу каражаттарды жумшаган:
- 15,4 млн АКШ доллары – жабдууларды жана материалдарды сатып алууга;
- болжол менен 2,5 млн АКШ доллары – жүгүртүү каражаттарына, эмгек акы төлөөгө, салык жана социалдык төлөмдөргө.
Башкача айтканда, инвестор долбоордун негизги бөлүгүн алдын ала каржылап, өзүнүн иштөөгө болгон олуттуу ниетин тастыктаган.
Ишке киргизүү мөөнөттөрү
Өндүрүштү ишке киргизүү эки этапта жүргүзүлөт:
- 2026-жылдын август айынын экинчи жарымында – сыноо иретинде ишке киргизүү;
- 2026-жылдын октябрь айында – заводду өндүрүштүк пайдаланууга берүү.
Долбоор баштапкы көрсөткүчтөр менен гана чектелбейт. Келечекте компания ишкананын кубаттуулугун жылына 1 млн тонна мунай продуктыларына чейин жогорулатууну пландап жатат. Бул этапты ишке ашыруу үчүн негизги каражаттарга кошумча 120 млн АКШ долларына чейин инвестиция талап кылынат.

Чийки зат базасы
Ишкананын негизги чийки заты катары ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн, анын ичинде “Сань Шань Юань” ЖЧКсынан жана “Кыргызнефтегаз” ААКсынан жеткирилген мунай колдонулат.
Мындан тышкары, Россия, Казакстан жана Азербайжандан да чийки зат жеткирүү каралган. Бул ишкананы туруктуу жана диверсификацияланган чийки зат базасы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Экономика жана коммерция министрлигинен белгилешкендей, инвестициялык келишимге кол коюу кызматташуунун маанилүү этабы болуп, тараптардын заманбап өнөр жай долбоорун ишке ашырууга болгон өз ара кызыкчылыгын тастыктайт.
Мекемеден билдиришкендей, Кочкор-Ата шаарында бул мунай иштетүүчү заводдун курулушу Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошот.
Өз кезегинде Экономика жана коммерция министрлиги долбоорду ишке ашырууда мыйзам алкагында коштоп жүрүүгө жана ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн зарыл болгон колдоолорду көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Долбоордун өлкө үчүн мааниси
Мындай өнөр жай демилгелерин ишке ашыруу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ. Мунайзаттарды өзүбүздө өндүрүүнү өнүктүрүү, чийки заттарды жеткирүүнү диверсификациялоо жана импорттон көз карандылыкты азайтуу ички отун рыногунун туруктуулугуна жана аймактардын мындан ары индустриалдык өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Экономист Төлөнбек Абдыров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоого дагы деле көз каранды бойдон калып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, өлкөнүн күйүүчү майга болгон муктаждыгынын болжол менен 95 пайызы сырттан ташылып келет, анын ичинен 90 пайызы Россияга туура келет. Ал эми ички өндүрүш жалпы суроо-талаптын болгону 5 пайызын гана камсыздайт.

"Бүгүнкү күндө татаал геосаясий шартта бир гана жеткирүүчүгө мындай көз карандылык олуттуу тобокелдиктерди жаратат. ЕАЭБ алкагында түзүлгөн келишимдерге жана квоталарга карабастан, алардын көлөмү акырындык менен кыскарып жатат. Ошондуктан жеткирүү булактарын диверсификациялоо жана жаңы өнөктөштөрдү тартуу зарылчылыгы мурда эле жаралган.
Ошону менен бирге бүгүнкү күндө дүйнөлүк рынокто даяр бензиндин жана дизелдик отундун экспортунун кыскаруу тенденциясы байкалууда. Мындай шарттарда энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кыргызстан чийки мунайды сатып алып, өлкө ичинде кайра иштетүү аркылуу өзүнүн кайра иштетүү кубаттуулугун өнүктүрүшү өтө маанилүү”, — деп белгиледи эксперт.

Төлөнбек Абдыровдун айтымында, мамлекет мунайды кайра иштетүү тармагын ырааттуу өнүктүрүп келет. Кара-Балтадагы "Жунда" заводунун жана Токмоктогу заводдун ишин жандандыруудан тышкары, нефтини кайра иштетүүчү жаңы ишканаларды куруу жөнүндө дагы ушундай инвестициялык келишимдер түзүлүүдө.
“Өлкөдө мунайды терең иштетүүнү өнүктүрүү жана чийки заттын жаңы булактарын издөө биздин экономикалык жана улуттук коопсуздукту түздөн-түз бекемдейт. Бул ички рынокто бааларды өз алдынча жөнгө салууга жана күйүүчү майдын наркынын кескин өзгөрүшүн болтурбоого мүмкүнчүлүк берет”, — деп сөзүн жыйынтыктады Абдыров.