Бишкекте Борбор Азиядагы гендердик теңчилик маселелери талкууланууда

Коом Загрузка... 21 Май 2026 11:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Борбор Азияда гендердик теңчиликти жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү илгерилетүү" деген темада парламент өкүлдөрүнүн субрегионалдык жолугушуусу өтүүдө.

Иш-чара Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форуму (AFPPD) жана Азия калк жана өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты, AFPPD`нын вице-төрайымы Элвира Сурабалдиева, төраганын орун басары Болот Ибрагимов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, БУУнун Калк фондунун Казакстандагы өкүлү жана Кыргызстан менен Түркмөнстан боюнча өлкөлүк директору Чинве Огбонна, "БУУ-Аялдар" түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити катышууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүндөгү гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланууда.