Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Кыргызстан гендердик теңчилик саясатын жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү ырааттуу түрдө илгерилетип келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумунун (AFPPD) вице-төрайымы Элвира Сурабалдиева Бишкекте өтүп жаткан парламент өкүлдөрүнүн субрегионалдык жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, AFPPD`нын акыркы иш-чарасынан он жыл өткөндөн кийин бул жолугушуунун Бишкекте уюштурулушу аймактык кызматташтыкты жана парламенттер аралык диалогду чыңдоо үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Ал гендердик теңчилик маселелери бүгүнкү күндө адам капиталынын сапаты, мамлекеттердин туруктуулугу жана коомдун заманбап чакырыктарга туруштук берүү жөндөмдүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
"Парламент өкүлү катары биздин милдетибиз - мыйзамдарды гана түзбөстөн, келечек муундар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү да жаратуу. Күчтүү жана туруктуу аймак ар бир адам өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө катышууга, корголууга жана үнүн угузууга мүмкүнчүлүк алган коомдон башталат", - деди ал.
Ошондой эле Сурабалдиева Калк жана өнүктүрүү боюнча эл аралык конференциянын Иш-аракеттер программасы жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартиби аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун камсыз кылуу зарылдыгын тастыктарын белгиледи. Акыркы жылдары Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү аялдардын парламенттеги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, ишкердиктеги жана жарандык коомдогу ролун жогорулатууда байкаларлык ийгиликтерге жетишти.
Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаты Кыргызстандын бул багыттагы негизги жетишкендиктеринин бири катары 30 пайыздык гендердик квотанын киргизилишин атады. Бул кадам аялдардын Жогорку Кеңештеги жана жергиликтүү кеңештердеги өкүлчүлүгүн олуттуу түрдө көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.
Өз сөзүндө ал Борбор Азиядагы аялдар бүгүнкү күндө саясатта, дипломатияда, экономикада, илимде жана коомдук иштерде өзгөрүүлөрдүн чыныгы лидерлерине айланып жатканын өзгөчө белгиледи.
"Дүйнө жаңы глобалдык чакырыктарга туш болуп жаткан маалда, дал ушул адамдык потенциалды өнүктүрүү мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору болуп саналат. Ошондуктан кыздардын билимине инвестиция салуу, аялдарды колдоо жана алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – бул бүтүндөй аймагыбыздын туруктуу жана гүлдөп өнүккөн келечегине жасалган инвестиция", – деп баса белгиледи ал.
Эске салсак, бүгүн Бишкекте Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форуму (AFPPD) жана Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия ассоциациясы тарабынан уюштурулган "Борбор Азияда гендердик теңчиликти жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү илгерилетүү" деген темада парламенn өкүлдөрүнүн субрегионалдык жолугушуусу өтүүдө.