Таласта документтери жок иштеп жаткан конок үйү жана дүкөн аныкталды

Коом Загрузка... 21 Май 2026 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Талас шаарында уруксат берүүчү документтери жок курулган объекттер аныкталды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Ч. Айтматов көчөсү, 212 жана Манас көчөсү, 127 дарегинде жайгашкан "Элим" конок үйү жана "Майрам апа" дүкөнү тиешелүү уруксат документтери жок курулуп, иштетилип жаткандыгы белгилүү болду.

Бул өз кезегинде "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган объекттерге аныкталган мыйзам бузууларды жоюу тууралуу эскертүүлөр берилгенине карабастан, коюлган талаптар аткарылган эмес.

Натыйжада жаран Т.Г.М. жана И.Р.Ш. карата айып пул салынып, административдик чаралар көрүлдү. Ошондой эле курулуш ээлерине документтештирүү иштери боюнча кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.