Бишкекте катуу шамал чатырларды учуруп, бактарды кулатты

Кырсык Загрузка... 21 Февраль 2026 12:02
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.02.26 /Кабар. Бүгүн Бишкек шаарында катуу шамал катталып, эки райондо турак жайлардын чатырлары учуп, бактар кулаган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, Ленин районуна караштуу Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн чатырына түшкөн. Ошондой эле Бакаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн, Интергельпо көчөсүндөгү турак үйлөрдүн (барак тибиндеги) чатырлары учуп кеткен жана Бакаев көчөсүндө бак кулаган.
Мындан тышкары, катуу шамал Октябрь районундагы Көк-Жар жаңы конушунун Көк-Жайык көчөсүндөгү турак үйдүн, Көк-Жар айылынын Күйүков көчөсүндөгү турак үйдүн чатырын учуруп кеткен, ал эми Мадиев көчөсүндө бак кулап, электр зымга асылып калган жана Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн сырткы жасалгысы урап, 2 унааны басып калган.

Эскерте кетсек, Кыргызгидромет кызматы бүгүн саат 06:15 тарта Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында секундасына 15-20 чейин метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн деген шашылыш билдирүү тараткан.