Бишкекте жол кырсыктары дээрлик эки эсе азайды

Кырсык Загрузка... 18 Июнь 2026 13:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 5 ай 15 күнүнө карата жалпы 743 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык Милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн 2025-жылдын ушул учуруна карата борбор калаада 1 миң 817 жол кырсыгы орун алган.

"2025-жылы жаракат алгандардын саны 2 миң 204 болсо, быйылкы жылы 836ны түздү. Ал эми каза болгондордун саны тилекке каршы былтыркыга салыштырганда көбүрөк. Былтыр 38 болсо, быйыл 39. Өзүңүздөр байкагандай, жол кырсыктары азаюуда. Жол кырсыктарынын азайышынын бирден-бир себеби, учурда жолдо жүргүнчүлөргө, айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, рейддик иш-чаралар катуу жүрүүдө. Ошонун негизинде жол кырсыгын азайтууга аракет кылып жатабыз. Андан тышкары, окуу жайларда, транспорт каражаттарыиын бирикмелерине, ишканаларга барып айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз", - деди Саргашкаев.