Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Бүгүн борбор калаада Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын балдар үчүн жаңы бөлүмү ачылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев, “Ильшат” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Анвар Маметов, кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана ооруканын дарыгерлери катышты.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин айтымында, 100 орундуу үч кабаттуу жаңы имарат “Ильшат” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен курулган. Анын жалпы аянты 3 миң 647 чарчы метрди түзөт.
“Имаратта заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган үч педиатриялык бөлүм, вентиляция, абаны фильтрациялоочу системалар орнотулган изоляциялык жана жарым изоляциялык палаталар бар”, – деди Алиев.
Ал белгилегендей, курулуш 2023-жылы “Ильшат” фонду менен түзүлгөн гранттык келишимдин негизинде башталган.
“Долбоор инфекциялык илдеттерге чалдыккан балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган. Мындан тышкары, “Ильшат” фонду оорукананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында балдар үчүн атайын жабдылган эки тез жардам унаасын да белекке берди”,-деди ал.