Бишкек, 21.12.25 /Кабар/. Бишкектеги “Евразия” маданий-эс алуу паркында кышкы сезон ачылды. Анын алкагында 35 метрлик балаты салтанаттуу түрдө жандырылды.
Андан сырткары паркта муз аянтчасы, аттракциондор, цирк өнөрү, “Түндүк жарыгы” жарманкеси, майрамдык шоулар жана ондогон фотозоналар ишке кирди.
Кышкы программа 11-январга чейин уланат. Паркка кирүү акысыз.