Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында Бишкек шаарындагы Ак Илбирс олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары байгелүү орундарды багындырып келишти.
Мэриядан билдиришкендей, чемпионат Филиппиндин Манила шаарында 24–28-июнь күндөрү өттү.
Чемпионаттын жыйынтыгында Акак Үсөн кызы 54 килограмм салмак категориясында күмүш медаль, ал эми Анастасия Колушева 80 килограмм салмакта коло медаль жеңип алды.