Дүйнө чемпионаты: Эквадор курамасынын башкы машыктыруучу кызматтан кетти

Спорт Загрузка... 01 Июль 2026 16:21
yv8j7xphm18hb9tm72m.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Аргентиналик адис Себастьян Беккасесе футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/16 финалында Мексика курамасынан жеңилгенден кийин Эквадор курамасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кете турганын жарыялады.

Беккасесе командадан келишимдин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кетти. Шаршембиге караган түнү Эквадор курамасы Мексика менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

"Футбол ушундай, жыйынтыктар да ар кандай. Бүгүн бул кереметтүү үй-бүлө менен коштошууга туура келип турат. Бирок мен бул кадамга чоң ыраазычылык жана бар күчүбүздү жумшадык деген ички тынчтык менен кетип жатам", — деп келтирет Беккасесенин сөзүн DSports басылмасы.