Шахмат: Ысык-Көлдө Борбордук жана Түндүк Азия чемпионаты башталды

Спорт Загрузка... 01 Июль 2026 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Корумду айылында шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Борбордук жана Түндүк Азия чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия , Түркмөнстан жана Тажикстандын спортчулары катышууда. Анда 8 жаштан 20 жашка чейинки 500дөн ашуун жаш шахматчылар күч сынашууда.

"Алардын катарында эл аралык мастерлер (IM), FIDEнин мастерлери (FM), кыздар арасындагы FIDE мастерлери (WFM), ошондой эле дүйнө, Азия, Батыш Азия жана Борбордук Азия чемпионаттарынын 25тен ашуун жеңүүчүлөрү жана байге ээлери бар", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мелдештер 9-июлга чейин уланат.