Кыргызстандык таэквондочулар Астанадан 10 медаль менен кайтты

Спорт Загрузка... 01 Июль 2026 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын таэквондо WT боюнча улуттук курама командасы Астана шаарында өткөн эки ири эл аралык мелдештен 10 медаль утуп алды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Altaic Cup жана Kazakhstan Open 2026 G-1 деп аталган рейтингдик турнирлер XX Азия оюндарына даярдыктын алкагында өттү.

Алгачкы ирет уюштурулуп, World Taekwondo уюмунун расмий календарына кирген Altaic Cup мелдешине 380дей спортчу катышса, Kazakhstan Open 2026 турниринде 1300дөн ашуун таэквондочу күч сынашкан.

Кыргызстандык спортчулардын жыйынтыктары:

Altaic Cup мелдеши:

  • күмүш медаль: Богдан Пягай (51 кг).
  • коло медаль: Айдин Алтынбаев (58 кг), Томирис Сулайманова (67 кг), Злата Купцова (42 кг), Эрбол Эшимбеков (+78 кг).

Kazakhstan Open 2026 G-1 мелдеши:

  • күмүш медаль: Жолдошбек Токушов (55 кг).
  • коло медаль: Назар Жеңишбеков (48 кг), Злата Купцова (44 кг), Нурайым Оросбаева (46 кг), Хафиза Садырова (49 кг).