Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-28-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы мектеп алдындагы жайкы лагерлердин алкагында спорттук-массалык иш-чаралар өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук мелдештер жана эстафеталар борбор калаанын төрт районундагы 39 мектепти камтып, ага жалпысынан 4 880 окуучу катышты.
Райондор боюнча көрсөткүч:
- Ленин району — 1 500 катышуучу (10 мектеп);
- Свердлов району — 1 380 катышуучу (15 мектеп);
- Октябрь району — 1 000 катышуучу (9 мектеп);
- Биринчи Май району — 1 000 катышуучу (5 мектеп).
"Иш-чараны өткөрүүдөгү башкы максат өспүрүмдөр арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, аларды спортко үзгүлтүксүз тартуу жана жайкы эс алуусун активдүү уюштуруу болду", - деп айтылат маалыматта.
Соңунда спорттук оюндарга жигердүү катышкан бардык балдарга атайын дипломдор тапшырылды.