Бөйрөгү алмаштырылган бейтаптын абалы туруктуу – министрлик

Ден соолук Загрузка... 15 Июнь 2026 09:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Р.Т. Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасына барып, бөйрөк трансплантациясы жасалган бейтаптардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык донорлордун жана бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Уулуна бөйрөгүн берген эне үйүнө чыгарылган. Бейтап операциядан кийин адистердин көзөмөлүндө болуп, абалы туруктуу. Жакынкы күндөрү жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулушу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, ооруканада 2023-жылдан бери жалпы 19 бөйрөк трансплантациясы жасалган. Быйыл алты операция жүргүзүлдү.