Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк жана аттестаттар тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл 11-классты 80 миңден ашык, ал эми 9-классты 136 миңден ашык окуучу аяктап жатат.
"Алардын ичинен 11-класстын 4089 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 5694 бүтүрүүчүсү артыкчылык тууралуу документке ээ болушту",-деп айтылат маалыматта.