ЖРТ-2026: Дагы бир алтын сертификаттын ээси аныкталды

Билим Загрузка... 26 Июнь 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. 19-21-июнда Бишкек жана Ош шаарларында өткөн Жалпы республикалык тесттин III этабынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынтыктарды Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева министр Догдуркүл Кендирбаевага жабык конвертте тапшырды.

"ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы боюнча 50 эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон абитуриенттердин тизмеси дагы бир абитуриент менен толукталды. Бул сертификатка Манас шаарындагы Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Санжар Садырбеков 235 упай топтоп, алтын сертификатка ээ болду", - деп айтылат маалыматта.